Аскаровдун иши: БУУнун адам укуктары боюнча комиссары сот чечимине нааразы

© Sputnik / Табылды КадырбековОбвиняемый в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году Азимжан Аскаров в Чуйском областном суде
Обвиняемый в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году Азимжан Аскаров в Чуйском областном суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун комиссары "улуттар аралык жаңжал чыгарды жана милиция кызматкерин өлтүрдү" делип соттолгон Азимжан Аскаровго карата чечимди жокко чыгарууга Кыргызстан бийлигин чакырып жатат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Зейд Раад Аль Хуссейн Кыргызстандын сотунун Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүнө калтырганына кабатырланып жатканын аталган уюмдун структуралык бөлүмүнүн пресс-релизинде айтылды.

Шейшемби күнү Чүй облустук соту ага чейин баардык сот инстанциялары Азимжан Аскаровго карата кабыл алган өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

"Биздин өлкө жетекчилигине сот адилеттүүлүгү боюнча эл аралык стандарттарды сактоосун өтүнгөнүбүзгө карабай сот чечим чыгарды. Бүгүнкү прецесс сот системасында оркойгон кемчиликтер бар экенин көрсөттү", — деди Аль Хуссейн.

Соттун өкүмүн уккан Аскаров ачкачылык жарыялайм деп кыйкырды - Sputnik Кыргызстан
Соттун өкүмүн уккан Аскаров "ачкачылык жарыялайм" деп кыйкырды
Ал Кыргызстан бийлигинен Аскаровго карата кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну кайрадан суранды.

Аскаров 2010-жылы улут аралык чыр тутантууга айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Бишкек — Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын катарында болгону айтылат. Куралсыз 13 милиция кызматкери каршылыкка чыккан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда башаламандык жараткандар аларды сабап, Сулайманов аттуу милиция кызматкерин өлтүрүп, мыкаачылык менен өрттөп жиберишкен.

Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылып, 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранган. Сот Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирди. Ал улуттар аралык жаңжалды козутуу, баш аламандык жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0