Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында май айынын башында катуу жамгыр жаады. Анын кесепетинен сел жана жер көчкүлөр жүрүп, тургундарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Жалал-Абад облусунда дарыялардын нугунан чыгып кетүү коркунучу пайда болсо, Талас, Ош облустарында сел суулары айдоо аянттарын жана турак-жайларды каптады.
Кыргызгидрометтен билдиргендей, Бишкек, Жалал-Абад, Баткен облустарында жааган жамгырдын көлөмү бир айлык нормадан ашты.