00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кадрлар, клиникалык базалар жана окутуу программалары: эмне үчүн 13 медициналык жогорку окуу жайы аккредитациядан өтпөй калды?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды. Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат. Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган. 2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды. Муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү. Мамлекет башчысы продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды.
Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2% түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт. Негизинен өлкө боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзөт. Аймактар боюнча караганда, көпчүлүк облустарда камсыздоо деңгээли 97–100% чегинде болуп, үрөн жетишсиздиги боюнча тобокелдиктер жокко эсе:
Борбордогу №25 мектепте Юрий Гагариндин бюстуна гүл коюу аземине Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов жана Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты. Шарипов окуучуларга космоско учуулар жана Кыргызстандын космонавтикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди. Ошондой эле аларды келе жаткан Космонавтика күнү менен куттуктады. "Араңардан келечекте космосту багындырган адамдар чыгарына ишенем", — деди ал. Вакунов адамзаттын космоско алгачкы учуусун эске салып, мугалимдердин ролун өзгөчө белгиледи. "Чоң жол дал мектептен башталат. Мугалимдердин эмгегин унутпоо маанилүү — дал ошолор келечектеги инженерлерди, изилдөөчүлөрдү жана космонавттарды тарбиялайт", — деди ал.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран Ормуз кысыгынан өткөн танкерлерден төлөм албашы керек деп эсептейт. Бул туурасында ал социалдык тармакка жазды. "Иран танкерлерден акы алып жатканы боюнча маалымат бар. Муну жасабай койгону оң, эгер жасаса токтоткону жакшы", — деген Трамп. 8-апрелге караган түнү тараптар атышууну эки жумага токтотууну макулдашкан. Болочок келишимдин негизинде Иран сунуштаган 10 пунктудан турган план алынышы мүмкүн, ал планды АКШ да жактырганы айтылууда. Анын ичинде башка нерселер менен катар Ирандан санкцияларды алып салуу, Ормуз кысыгына көзөмөлдү бекемдөө, уранды байытууга укук берүү, ошондой эле бардык фронттордо, анын ичинде Израилдин "Хезболлага" каршы кол салбоо жана согуш аракеттерин токтотуу каралган. Кийинчерээк Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Ормуздун ачылганын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0