Мариповго орун басар болгон Азамат Дыйканбаевдин өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Дыйканбаев. Архив
Азамат Дыйканбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Жогорку мамлекеттик кызматка дайындалган Азамат Дыйканбаевдин өмүр баяны, ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстандын "Таржымалынан" окуңуз.
Азамат Дыйканбаев 1985-жылдын 25-ноябрында Бишкекте туулган. 2021-жылдын 5-майында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Билими:
  • 2007-жылы "Тармак, байланыш жана коммуникациялар системасы" адистиги боюнча Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2006 – 2008 — өкмөттүн алдындагы Улуттук байланыш агенттигинин адиси;
  • 2008 – 2014 — өкмөттүн алдындагы Улуттук байланыш агенттигинин жетектөөчү адиси, кийин башкы адис;
  • 2014 — өкмөттүн аппаратынын эксперти;
  • 2014 – 2017 — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик ишканасынын директору;
  • 2017 – 2020 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик ишканасынын директору;
  • 2020 – 2021 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;
  • 2021 — өкмөттүн алдындагы Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын орун басары;
  • 2021-жылдын 5-майынан тартып министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри.
Эске салсак, жаңы Конституция күчүнө киргенден тарта өкмөттүн ордуна министрлер кабинети түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0