07:06 29 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
16174 0 0

Жапыкеев Сыймык Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Сыймык Жапыкеев — юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, подполковник.

Билими:

  • 2000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2001 – 2002 — Түп райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү;
  • 2002 – 2004 — Ак-Суу райондук прокуратурасында ага тергөөчү;
  • 2004 – 2006 — Балыкчы шаардык прокуратурасында ага тергөөчү;
  • 2006 – 2007 — Ысык-Ата райондук прокуратурасында ага тергөөчү;
  • 2007 – 2009 — Кемин райондук прокуратурасында тергөө маселелери боюнча прокурордун орун басары;
  • 2009 – 2014 — УКМК, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында органдарды тергөө боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору, коррупцияга каршы башкармалыктын прокурору;
  • 2015 – 2018 — "Кумтөр Голд Компани" ишканасында келишим менен иштеген юрист-жактоочу;
  • 2017 – 2020 — КРдин шахмат федерациясынын вице-президенти;
  • 2020-жыл, октябрь – Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, Сыймык Жапыкеев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ