Билими:
- 1993 – 1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алган;
- 2006 – 2008 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында «мамлекеттик башкаруудагы менеджмент» адистигине ээ болгон. Магистратураны бүтүргөн;
- 2015-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Политология" адистиги боюнча аспирантурада окуйт;
Эмгек жолу:
- 1998 – 2003 — "Эркин Тоо" гезитинде баяндамачы;
- 2003 – 2005 — "Замандаш" журналынын шеф-редактору;
- 2005 – 2006 — Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы;
- 2006 – 2007 — Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы;
- 2007 – 2011 — Декреттик өргүүгө чыккан;
- 2011 (март-май) — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
- 2009 – 2015 — "Замандаш" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;
- 2015 (август-октябрь) — "Кыргызстан" саясий партиясынын аялдар комитетинин куратору;
- 2016 (март-декабрь) — Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын эксперти;
- 2017 – 2018 — Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда окутуучу;
- 2017 – 2018 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Аймак таануу жана культурология" кафедрасынын окутуучусу;
- 2018 – 2019 — Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясында бөлүм башчы;
- 2019-жылдын 29-майынан баштап "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Кошумча маалыматтар:
- 2015 – 2017 — ӨКМдин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
- 2017 – 2018 — КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
- Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү.