Билими:
1985 — Новосибирь институтун "Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу" адистиги боюнча бүтүргөн;
1997 — Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек жолу:
1985 — Талас облусунун Киров районундагы керек-жарак биримдигинин Киров нан-булочка комбинатынын өндүрүш башчысы;
1986-1989 — Киров районундагы керек-жарак биримдигинин Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы;
1989-1991 — Чүй облусунун Кант райондук керек-жарак биримдигинин директор орун басары;
1991-2001 — Чүй облусунун Кант дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору;
2001-2003 — Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
2003 — Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
2007 — Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө кызматкер;
1996-2000 — Кант райондук эл депутаттар кеңешинин депутаты;
2011-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата-Журт" партиясынан депутат;
2013 — "Кыргызстан дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкаруучулугунун төрагасы, Кыргызстан элдери ассамблеясынын президиум кеңешинин мүчөсү;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Ата-Мекен" партиясынан депутат. КР Жогорку Кеңеши менен Россиянын федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү.
Наамы:
III класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык чинине ээ.
Сыйлыктары:
Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына "Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн" медалы;
Россия федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин "Мамлекеттик резервдерге 75 жыл" медалы;
СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун "Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн" алтын медалы;
Афганистан согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин "Афганистандагы согуштун ардагерлер кеңешине 20 жыл" медалы;
"КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн" КМШ ПААнын Ардак грамотасы;
"Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн" КМШ ПАА достугу" ордени.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.