13:58 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
27510

УКМК төрагасы бирөө менен тойго барса эле достошуп алганын түшүндүрбөй турганын айтып, мыйзам бузса баары жазаланарын билдирди.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупционер Райым Матраимов менен тойго барып жүргөнүн сындап, “өзүңүз башкаларга кандай үлгү көрсөтүп жатасыз?” деп сурады.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Ош жана Бишкек шаарларынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов уулун үйлөнтүп, борбор калаада той берген. Ал жерде Ташиев менен Матраимов чогуу жүргөн кадрлар тараган.

“Мен бир жылдан бери биринчи жолу тойго бардым. Күнүгө барып жаткан жокмун. Эгер мени тойдон көргөндөр болсо айтсын. Куран окутууга барам, а тойго бир гана жолу бардым. Ал тойдо, биринчиден, Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун, экинчиден, сүйлөп коюп эле чыгып кеткем. Үчүнчүдөн, бир отурган чакта деле жаман болмок эмес деп ойлойм. Себеби ал башкалардан айырмаланып 2 миллиард сом төлөдү. Эгер андан мыйзам бузуу аныкталса, дагы төлөйт. Эч ким аны калкалабайт”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Бекешевди негизсиз сындарды айтып, чукулай берүүнү токтотуп, мамлекетти өнүктүрө турган сунуштарды берүүгө чакырды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
“Ким коррупцияга аралашса мени менен кошо тойго, куран окутууга барганына карабай баарын жазалайбыз. Анын ичинде сизди дагы. Эгер мыйзам бузсаңыз азыр менин жанымда отурганыңызга карабай жазалайбыз. Мен бирөө менен тойго барсам эле достошуп алды дегенди түшүндүрбөйт. Муну билип коюңуздар”, — деди Ташиев.

Ошондой эле жаштар жөн эле отуруп сындагандардан эмес, коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшкөндөрдөн үлгү аларын кошумчалады.

Тема боюнча

Акылбек Жапаров: биздин муундагы саясатчыларга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, той, жазалоо, Райымбек Матраимов, Дастан Бекешев

ЭҢ МААНИЛҮҮ