Депутаттар Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүгө кол чогултуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Жогорку Кенеша в государственной резиденции "Ала-Арча"
Заседание Жогорку Кенеша в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-спикерлик кызматка КСДП фракциясынын дагы бир мүчөсү Гүлкан Молдобекова көрсөтүлүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Аида Касымалиеваны вице-спикерлик кызматтан кетирүү боюнча депутаттар кол чогултуп жатат. Бул маалыматты парламентарийлер тастыктады.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова парламентте бул тууралуу өз ара сөз болуп жатканын билдирди.

"Мен деле кечээ уктум, Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүүгө кол чогултуп жатышыптыр. Бул маселени КСДП фракциянын жыйынында карай турганы айтылууда. Азырынча буга эмне негиз болуп жатканы белгисиз. Вице-спикерликке Гүлкан Молдобекованы көрсөтүп жатышат", — деди Мамашова.

Депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков октябрь окуясынан кийин алгачкы жолу ЖК жыйынына келди. Видео
Дагы бир депутат Бактыбек Турусбеков кол чогултуп жатканын кесиптештеринен укканын, бирок өзүнө кол коюу сунушу түшпөгөнүн айтты.

Вице-спикерлик кызматка көрсөтүлөт делген Гүлкан Молдобекова КСДП фракциясынын мүчөсү, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы.

Белгилей кетсек, 2018-жылы декабрь айында КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алып, анын ордуна депутат Аида Касымалиеванын талапкерлигин колдоп берген. Натыйжада Жогорку Кеңеш аны вице-спикерликке бекиткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0