БИШКЕК, 10-май. — Sputnik Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков депутат Исхак Масалиев "президент Алмазбек Атамбаев түзмө-түз көрсөтмө берген деп калп айтпасын, элди алдабасын" деди.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Исхак Масалиев ТЭЦти модернизацялоодо президент Алмазбек Атамбаев түзмө-түз тапшырма берген деп билдирген.
Исаков өз сөзүндө президент тапшырма бербегенин айтып, бир нерсе айтаарда документтерге таянуу керектигин кошумчалады.
Ал эми төрага Дастан Жумабеков Исаковду ачууга алдырбоого чакырды.