00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфельчен чиновник. Архив
Портфельчен чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы түзүлгөн курамда министрлердин жарымы өзгөрдү. Ал эми вице-премьерлер толугу менен алмашууда.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абулгазиев жаңы өкмөттүн болжолдуу курамын сунуштады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн жогорку кызматтарына келе турган адамдар буга чейин кайсы жакта иштегенине баам салды. Белгилей кетсек, Абулгазиев президенттик апаратты жетектегенге чейин өкмөттө биринчи вице-премьер болуп иштеген.

Биринчи вице-премьерликке талапкер Кубатбек Боронов. Аны Өзгөчө кырдаалдар министри катары элдин баары тааныйт. Бул кызматты 2011-жылдын декабрь айынан бери аркалайт. Ага чейин ушул эле министрликтин бөлүмдөрүндө иштеп келген.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: парламент саясий эрксиздигин көрсөтүп дүйнөгө уят болду
Вице-премьерликке талапкер Алтынай Өмүрбекова. Жогорку Кеңеште "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат. Бишкек шаарынын вице-мэри, Ленин районунун акими жана Свердлов районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Вице-премьерликке талапкер Замирбек Аскаров. Учурда Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп эмгектенет. Ага чейин Ноокат районунун акими, Ош шаары боюнча дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген.

Вице-премьерликке талапкер Жеңиш Разаков. Учурда Кыргызстандын президентинин кеңешчиси. Буга чейин ал Коопсуздук кеңешинин катчысы, вице-премьер, өкмөттүн Баткен облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү жана ички иштер органдарында иштеген.

Сапар Исаковдун өкмөтүндө биринчи вице-перемьер Аскарбек Шадиев болсо, Даир Кенекеев, Чолпон Султанбекова, Санжар Муканбетов вице-премьер болуп иштеп келген.

Ички иштер министрине талапкер Кашкарбек Жунушалиев. Ал ИИМди Улан Исраиловго чейин да жетектеген. Андан мурда Бишкек ШИИБди жетектеп, райондук милиция бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Премьер-министрликке талапке Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Экономика министрине талапкер Олег Панкратов. Ал ушул эле министрликти 2015-жылы башкарган. Эмгек жолунда вице-премьер, өкмөт башчынын кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. Мындан сырткары, жеке ишканаларда дагы иштеген. Панкратов Артем Новиковдун ордуна сунушталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрине талапкер Нурболот Мирзахметов. Ал Кубатбек Бороновдун ордуна келиши ыктымал. Бул министрликке келе турган киши коомчулукка анчейин таанымал эмес. Азыркы тапта Эсеп палатасынын аудитору болуп эмгектенет. Буга чейин министрликти Кубатбек Боронов башкарып келген.

Саламаттык сактоо министрине талапкер Космосбек Чолпонбаев. Ал Талантбек Батыралиевдин ордуна сунушталууда. Ачык булактар ал учурда Кыргызстандын фармацевтика союзунун төрагасы экенин көрсөтүүдө. Талапкер тууралуу маалыматты интернеттен табуу кыйынга турат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Идрис Кадыркулов талапкер болууда. 7-апрелде УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалган. УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келгени белгилүү. 2002-жылдан бери ушул тармакта иштеп келет. Буга чейин аталган кызматта Абдил Сегизбаев отурган.

Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
КР Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасына талапкер Эрлис Тердибеков. Учурда ал 2017-жылдын январында негизделген Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Жөө аскерлерин жетектейт. Полковник чини бар. Ал Мирбек Касымкуловдун ордуна келет.

Маалымат технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасына талапкер Бакыт Шаршембиев. Ал ушул эле кызматта 2017-жылдын августуна чейин иштеген. Кызматтык этиканы бузган жана өзү жетектеген фирмага лицензия берген деп кызматтан бошотулган Нурбек Абаскановдун ордуна келе жатат.

Ал эми жети министр, өкмөттүн аппаратынын башчысы жана бир комитеттин жетекчиси өз ордун сактап кала алган. Алар төмөнкүлөр:

— КР өкмөт аппаратынын башчысы Мурат Мукамбетов

— Юстиция министри Айнур Абдылдаева

— Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

— Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

— Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева

— Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов

— Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова

— Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов.

Жогорку Кеңештин жаңы өкмөттү шайлоо боюнча жыйынын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0