Жунушалиев Кашкар Астаканович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы
Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кашкар Жунушалиев 1961-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2000 — Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган;
  • 1984-1986 — ИИМдин атайын орто мектебинде билим алган.

Эмгек жолу: 

  • 1986 — Фрунзе шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында инспектор;
  • 1991 — 1992— Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын профилактикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары; 
  • 1992-1993 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн жоопкерчиликтүү нөөмөтчүсү;
  • 1993-1994 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн жетекчиси; 
  • 1994-1997 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 1997-1998 — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 1998-2003— Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2003-2007 — Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 2007-2008 — Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 2008 — Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 2008-2009 — Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; 
  • 2009 — ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2010-2010 — Ички иштер министринин орун басары;
  • 2010-2014 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;
  • 02.06.2016 — КР ички иштер министри;
  • 20.04.2018 — КР ички иштер министри.

Наамдары:

Милициянын генерал-майору

Жаңылыктар түрмөгү
0