Абдылдаев Эрлан Бекешович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылдаев Эрлан Бекешович 1966-жылдын 21-июлунда туулган.

Билими:

1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган, эл аралык байланыштар адистигине ээ;

Дипломатиялык рангы: Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси.

Эмгек жолу:

 

  • 1989-1989 — СССР Тышкы иштер министрлигинин референти, Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгы;
  • 1989-1994 — СССР элчилигинин атташеси, 3-чү катчысы, Россия Федерациясынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;
  • 1994-1997 — Кыргызстандын президент администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;
  • 1997-1998 — Тышкы иштер министрлигинин департамент мүдүрүнүн орун басары;
  • 1998-2001 — Тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;
  • 2001-2005 — Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Бир эле мезгилде Кыргызстандын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси;
  • 2005-2007 — Коомдук саясат институтунун эксперти;
  • 2007-2012 — Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;
  • 06.09.2012 — 12.10.2018 — Кыргызстандын тышкы иштер министри.

 

Кыргыз, орус, кытай жана англис тилдерин билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0