00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

РАЖ фракциясы да Башкы прокуратуранын былтыркы жасаган ишин жактырбай койду

Жазылуу
Башкы прокуратура "Республика — Ата-Журт" фракциясына былтыр жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча отчет берди

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылда жасаган ишин жактырбай, канааттандырарлык эмес деп тапты. Фракциянын токтомун жаңы шайланган лидер Жыргалбек Турускулов окуду. Аны эки депутаттан сырткары бардык депутаттар колдоого алды.

Депутаттар мындай чечимге сот тутумдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөп кетиши, мыйзамдардын так аткарылышы жана мыйзамдуулуктун сакталышы жетишерлик деңгээлде камсыз болбой, кылмыштуулуктун жалпы деңгээли жогорулагандыктан улам кабыл алышкан. Токтомдо айрыкча уюшкан кылмыштуулук күч алганы баса белгиленген.

"Жогорудагы жайгдайларды эске алуу менен бирге башкы прокурор Индира Жолдубаева расмий түрдө чакырылганына карабай фракциянын жыйынына катышпаганын белгилеп, "Республика — Ата-Журт" фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылы жасаган иштерин канааттандырарлык эмес деп тапты", — деди Турускулов.

Ошондой эле фракциянын чечими Жогорку Кеңештин төрагасына жиберилмей болду.

ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Осмоналиевдин кылмыш ишин кайра көтөрүү себеби айтылды
Депутат Руслан Казакбаев мекеме жетекчилигинин пикирин укпай туруп чечим кабыл алуу туура эмес билдирди.

"Кайсы мекеме жетекчисин чакырып отчетун албайлы, ал мекеменин жетекчисинин, орун басарларынын пикирин укпай туруп, жообун албай туруп канааттандырарлык эмес деп чечим кабыл алуубуз эч кандай моралдык этикалык нормага жатпайт го деп ойлойм", — деди ал.

Жыйында фракциянын токтому добуш берүүгө коюлуп, эки депутаттан башкасынын баары аны колдоого алды.

Белгилей кетсек, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы да Башкы прокуратуранын 2017-жылда жасаган иш аракеттерин жактырбай, канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0