Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат

Жазылуу
Президенттин кадрдык саясаттагы ыйгарым укугу канчалык күчтүү? Бул суроого Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Акыркы бир нече күндүн ичинде Кыргызстандын президенти аткаминерлерди иштен алуу боюнча бир катар буйруктар менен жарлыктарды кабыл алды. Анын негизинде юстиция министри Уран Ахметов, УКМКнын жетекчи орун басары Дамир Мусакеев жана Октябрь райондук соту Гүлчехра Оморова иштен кетти.

Ахметов менен Мусакеев өздөрү жазган арыздын негизинде кетишсе, Оморова Соттор кеңешинин дисциплинардык кеңешинин сунушу менен кызматтан бошотулду.

Мамлекет башчы өзү дайындап, өзү иштен алат:

— Президенттин аппаратынын жетекчисин;

— УКМКнын төрагасын, Мамлекеттик коргонуу комитетинин төрагасы менен алардын орун басарларын;

— Куралдуу күчтөрдүн жогорку командалык курамын;

— Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин.

Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындап же иштен алат:

— Башкы прокурор;

— Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин;

— Эсеп палатасынын төрагасын (Жогорку Кеңеш сунуштагандар);

— Улуттук банктын төрагасын.

Башкалар:

— Сотторду тандоо боюнча кеңештин сунушу менен Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларына талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Абдил Сегизбаевге коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты
— Жогорку сот менен Конституциялык палатанын судьяларын Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын же Сотторду тандоо кеңешинин сунушу менен иштен алуу сунушун Жогорку Кеңешке берет;

— Сотторду тандоо кеңеши/дисциплинардык комиссиянын сунушу менен сотторду иштен алып, дайындайт;

— Эгер Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөсө президент министрлер кабинетин таратат же чукул парламенттик шайлоо өткөрөт;

— Премьер-министр, өкмөт же кайсы бир министр отставкага кетүү боюнча арыз жазса, аны кабыл алууну же кабыл албоону чечет;

— Жогорку Кеңеш бекиткен премьер-министр менен өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындоо боюнча жарлыкка кол коет;

— Кыргызстандын жарандыгын алуу же андан чыгуу маселелерин чечет.

Жаңылыктар түрмөгү
0