Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты

Жазылуу
Жума башында премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн башкы бажычысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алып, анда бажы төлөмүнөн түшкөн каражаттар эки эсе жогорулагандыгы айтылган.

Жолугушууда өзгөчө Ош бажысынын кирешеси он эсе өскөнү да белгиленген. Мындан улам коомчулукта Ош бажысын жетектеп, андан соң Республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеген Райымбек Матраимовдун дарегине коомчулукта бир топ сын айтылган.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан Райымбек Матраимов жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштады. Кулматов Исаковго маалымат берди
Бажыдагы кызматтык тепкич. Райымбек Матраимов 1971-жылы 3-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Агартуу айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош шаарындагы политехникалык окуу жайын бажы адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 26 жашында Мамлекеттик бажы кызматынын инспекторлугунан баштап, 2004-2005-жылдары Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча өздүк курам менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, эки жылдай Ош башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеген. Андан соң алты жыл аталган башкармалыкты жетектеп, 2013-2015-жылдары Түштүк башкармалыгын жетектеген. Сапар Исаков жумуштан алганга чейин Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын эки жылга жакын аркалаган.

Бир туугандары. Матраимовдор сегиз бир тууган. Эркектердин улуусу Искендер Матраимов учурда Жогорку Кеңеште социал-демократиялык фракциясынан депутат. Ал эми дагы бир агасы көп жылдан бери Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими болуп иштейт. Ал эми калган жакындары эмне менен алектенип, кайда иштей тургандыгы белгисиз.

Жылына 15 миллион тапкан үй-бүлө. Матраимовдун 2016-жылы тапшырган декларациясына ылайык, ал жакын адамы экөө (ал кандайча тууганы экени декларацияда көрсөтүлгөн эмес) бир жылда 15 миллион сомго жакын киреше тапкан. Баса тууганы 2014-жылы чыккан Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат. Райымбек Матраимов ал жылы иштеген жумушунан 850 миң сомдон ашык акча алып, кошумча киреше булактарынан 3 миллион 219 миң сом тапкан. Ошондой эле ага 39 жана анын жакын адамына 56,7 чарчы метрлик эки батир, ошондой эле 190 чарчы метрлик коттедж катталган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК 18 млн. сомдон ашык пара берип жаткан жеринен чет элдиктерди кармады
Кара-суулук жигиттер… Экс-бажычынын бир туугандары туулуп өскөн Кара-Суу районунда эл оозуна алынган кишилерден. Айылдашы, драматург Султан Раевдин айтымында, алар жердештерине жардам берип, социалдык объектилерди курууда акчалай кол кабыш кылып турат. Андан сырткары, ага-инилер жыл сайын Улуу жеңиш майрамында согуштун ардаргерлери менен тылда эмгектегендерге сый тамак уюштуруп келет.

Имиш эрчиткен "Райым миллион". Бажы тармагында көп жыл иштеген Матраимов жөнүндө интернет айдыңында маалыматтар жокко эсе, аны менен байланышууга эч мүмкүн эмес. Бир туугандары ал жөнүндө маалымат беришпейт. Эл арасында"Райым миллион" аты менен таанымал. Ээлеген кызматы, жасаган иши боюнча ага карата бир катар сындар айтылып келген.

Ал эми Райым Матраимовдун Бажы кызматынын азыркы жетекчиси Кубанычбек Кулматов менен мамилеси кандай экенин агасы айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0