Искендер Матраимов: иним Райым менен Кубанычбек Кулматов абдан жакшы мамиледе

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков Райым Матраимовду кызматынан бошоткон

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов учурда үй-бүлөсү менен Бишкекте. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бирдирди.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Эске салсак, дүйшөмбү күнү Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов өкмөт башчысынын кабыл алуусунда болуп, Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштаганын айткан. Мындан улам мурда Ош бажысын жетектеп, кийин республикалык бажы кызматынын жетекчисинин орун барасы болуп жүрүп жумуштан алынган Райым Матриаимовдун дарегине коомчулукта бир топ сындар айтылган.

"Иним Кыргызстанда эле. Учурда эс алып, ден соолугун чыңдап жүрөт. Бир аптадай Ошто жүрүп, 2-3 күн мурда үй-бүлөсү менен Бишкекке учуп келди", — деди депутат.

Ал ошондой эле айрым ЖМКлар "Искендер Матраимов Бажы жетекчиси Кубанычбек Кулматовду "эрке бала" деп айтты" деп жазганы чындыкка коошпой турганын белгиледи.

"Мен Кулматовду "эрке бала" деп айткан эмесмин. Бул жерде жөн гана адашып жазып алышкан. Биз Кулматовду жакшы билебиз, ал бизди жакшы билет, бири-бирибизди сыйлайбыз. Иним Кулматовдун кол алдында иштеген. Экөөнүн мамилеси абдан жакшы", — деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Ал эми бажы кирешесиндеги мындай чоң айырмачылыкты жөн гана бажынын кадыресе иши экенин айтып, буга былтыркы жылы Кытайдан оор жүк ташыган бир миң унаа ашыкча киргени менен байланыштырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кесиптештеринен уялган Камчыбек Жолдошбаевдин эмне мүлкү бар
"2017-жылы Казакстан менен Кытайдын чек арасында ЕАЭБ комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзгөндө Кытайдан келе жаткан жүк ташуучу унааларды Казакстан кабыл алган эмес. Ошонун эсебинен Кыргызстанга миң унаа кирген. Экинчиден, Өзбекстан менен алака жакшыргандан кийин коңшулар менен соода-сатык көбөйдү. Муну дагы эске алыш керек. Иним Ош бажысын башкарып турган кездерде бир айдын 28 миллион сомдук планын 400 миллион сомго жеткирген. Муну деле айтсак болот да", — деди Матраимов.

Депутат азыркы абалды ашыкча саясатташтыруу деп баалап жатканын кошумчалады.

Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон.

Ал эми Райымбек Матраимовдун 2016-жылкы декларациясына таянсак, жакын тууганы менен биргеликте 15 миллион сом тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0