Сооронбай Жээнбеков коррупция менен кантип күрөшөрүн айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кирешелерин ачык көрсөтүү механизмдери ишке киргизилет

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата жарандарга өзүнүн кайрылуусун жолдогонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде президент мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев түзгөн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты улантарын айтканы белгиленген.

"Парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда автоматташтыруу системасы саясий коррупцияга карата күчтүү курал экенин жакшы түшүндүк. Эми көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү тездетүү керек. Бул нерсе коррупцияга катуу сокку болот. Ошондуктан "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу эң маанилүү тапшырма", — деди Жээнбеков.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Исаков: кош көңүл иштегендер, өлкөгө зыяныңар тийип жатат, кеткиле!
Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кирешелерин ачык көрсөтүү механизмдери ишке киргизиле турганын кошумчалаган.

"Биз өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин коррупциядан жабыр тартпашына болгон күч аракетибизди жумшайбыз", — деди мамлекет башчы.

Мындай демилгени бийликтин бардык бутактары — мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдары коррупцияга каршы иштерди колдоп берерине ишенерин Жээнбеков белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0