Жээнбеков президент катары Путин менен биринчи жолу жолукту

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик сапарын Москвага жасады

МОСКВА, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту.

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту
© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЭки тараптуу жолугушуу учурунда Путин Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктады.
Эки тараптуу жолугушуу учурунда Путин Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктады. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эки тараптуу жолугушуу учурунда Путин Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктады.
1/2
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын лидери Владимир Путин Кремлде тар чөйрөдө жолугушту
2/2
Эки тараптуу жолугушуу учурунда Путин Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктады.

Жээнбеков Москвага иш сапары менен барып, Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолуккан.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда Путин Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктады.

"Сиз тажрыйбалуу адамсыз. Өкмөттү жетектеп турганда эки өлкөнүн кызматташуусуна байланышкан маселелерге активдүү катыштыңыз. Кыргызстандын ЕАЭБге киришине сиздин да салымыңыз чоң. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 32 пайызга жогорулап, Россияга келген азык-түлүктөрдүн көлөмү эки эсеге көбөйдү. Президент катары биринчи сапарыңызды Россияга жасаганыңыз үчүн кубанычтамын", — деди Путин.

Жээнбеков өз учурунда анын иш сапары Кыргызстан Россия менен болгон мамилесин мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин көрсөтүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Масляковго КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады
"Менин биринчи иш сапарымдын Москвага жасалышы символдук мааниге ээ. Кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Быйыл биздин дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Биздин өлкө көптөгөн кыйынчылыктарды, анын ичинде эки революцияны башынан кечирди. Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жетектөөсү менен стабилдүүлүктү кайтарып, өнүгүү жолуна түшө алдык. Буга сиздин дагы салымыңыз чоң", — деди Жээнбеков.

Президенттер тар чөйрөдөгү жолугушуудан кийин кеңейтилген жыйынга катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0