Айсулуу Мамашова: бизде жаш, анан сулуу кыздарды экинчи аял кылып алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Айсулуу Мамашова маек учурунда
ЖК депутаты Айсулуу Мамашова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Айсулуу Мамашова "мен айтканыңызга кошулам, бирок каршы пикир айтышым мүмкүн" деп тайсалдагандардын катарында эмес. Ар дайым бардык маселе боюнча өз пикирин айтып, көйгөй менен күрөшүүгө даяр.

Шар мүнөздүү депутат айым менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асель Миңбаева маектешти.

Редакциядагы кеп:

— Сага азыр Айсулуу Мамашова келет турбайбы?

— Ооба.

— Мм… турмушка чыгып кеткен ээ?

— Данчик, эч ойлонбо, турмушка чыкпаса деле экөөбүздү карамак эмес…

Депутат айым үстүнө жөпжөнөкөй кара түстөгү куртка кийип келди. Андайды шаардын жарымы кийип жүрөт. Бетине косметика дагы койбоптур. Адамдын сулуулугу жөнөкөйлүктө деген чын окшойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашова: 18 жашта кыз балакатка жеткени менен үй-бүлө куруу үчүн турмуштук тажрыйбасы жетпейт деп эсептейм. Так ушул себептен парламенттеги бардык аял депутаттар Аида Салянованын мыйзам долбоорун колдоп бердик
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова: 18 жашта кыз балакатка жеткени менен үй-бүлө куруу үчүн турмуштук тажрыйбасы жетпейт деп эсептейм. Так ушул себептен парламенттеги бардык аял депутаттар Аида Салянованын мыйзам долбоорун колдоп бердик

— Биздин коомдо 18 жашка жаңы чыккан кызды деле "качан турмушка чыгасың?" деп кодулай беришет. Сиздин оюңузча бул көйгөйбү?

— Ири шаарларда мындай көрүнүш дээрлик жок, бирок аймактарда кырдаал такыр башка. Өткөндө Кара-Суу айылдык кеңешинин аял депутаттары менен сүйлөштүм. Алардын айтымында, айылдарда ата-энелер 7-8-класстагы кыздарын турмушка берген көрүнүштөр бар экен. Эгер кыз 18ге чыкса кара далы болуп калат имиш. Абдан таң калдым. Сөз 14 жаштагы кыздар жөнүндө болуп жатат. 18 жашта кыз балакатка жеткени менен үй-бүлө куруу үчүн турмуштук тажрыйбасы жетпейт деп эсептейм. Так ушул себептен парламенттеги бардык аял депутаттар Аида Салянованын мыйзам долбоорун колдоп бердик.

— Өлкөдө көп аял алууга да тыюу салынган эмеспи. Бирок ага карабай эле үйлөнүп жаткандар бар. Балким уруксат берип эле коюш керектир?

Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон
— Туура, бүгүнкү күндө бир дагы эркек бул берене боюнча түрмөгө кесилген жок. Бирок көп аялдуулукту мыйзамдаштырууга мен аял катары каршымын. Негизи экинчи аял кылып жесирлерди алышкан. Бирок бүгүнкү күндө экинчи аялды "жаш, анан сулуу болушу керек" деген принцип менен алып жатышат. Исламда канча аял алсаң бардыгына тең карап, бирдей деңгээлде бак деп айтылат. Бирок айрым эркектер 2-3 аял алып алып, бага албай калганда үч жолу талак айтып милдетинен кутулуп кетип жатпайбы. Жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы иш издеп кеткен эркектердин көбү экинчи аял алып, бул жактагы балдары кароосуз калып жатканын айтып кейишти.

— Алимент төлөтүү деле таттуу кыял бойдон калса керек?

— Бул өтө орчундуу маселе. Эгер түгөйлөр ЗАГСка катталбай нике кыйдырып алган болсо, эркектин балдардын атасы экенин сот аркылуу далилдеш керек болот. Бирок мыйзамдуу негизде никеге турган эркектер дагы алимент төлөөдөн баш тартып жатышпайбы. Жакында эле кесиптештерим менен бул темада сүйлөшкөм. Алимент төлөбөгөн эркектерди, мүмкүн, мамлекетке киргизбей коюш керектир? Чет жакта жүрсө демек, акчасы бар да, анан баласы үчүн табылбай калабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашова: кээ бир диний көз караштагы ата-энелер кыздарын мектепке жибербей коет экен. Мындай көрүнүш мен үчүн ачылыш болду. Мен деле дин жолундагы адаммын, бирок балага билим бербей коюу туура эмес да
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова: кээ бир диний көз караштагы ата-энелер кыздарын мектепке жибербей коет экен. Мындай көрүнүш мен үчүн ачылыш болду. Мен деле дин жолундагы адаммын, бирок балага билим бербей коюу туура эмес да

— Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу дагы кеп кылгым келип турат. Мен көп убактымды ар кандай форумдарда өткөрөм. Шумдуктуудай жашоо кечирип жаткан келиндер бар экен…

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Эркектер менен теңата тизгин кармаган аялдар эл башкара алабы?
— Кыргызстанда кризистик борборлор толуп кетти. Мен түштүк аймактагысына баргам. Ал жакка күнүгө жок дегенде үч аял келет экен. Күйөөлөрүнөн бекинип жарым жылга чейин ошол жерде жашашат. Үрөй учурганы — айрым айылдарда зордукталган кызды аны зордуктаган эркекке берип салышат экен. Бул абдан жан кейите турган көрүнүш! Сөз менен жеткире да албайм! Кызды кордогон эркекке аны кайра берип коюу кантип болсун? Биздин кыздар үчүн көңүлүм тынчыбай турат. Кээ бир диний көз караштагы ата-энелер кыздарын мектепке жибербей коет экен. Мындай көрүнүш мен үчүн ачылыш болду. Мен деле дин жолундагы адаммын, бирок балага билим бербей коюу туура эмес да. Эч бир динде кызды 13 жаштан турмушка берип, мектепке жибербеш керек деп жазылган эмес.

Эсиңизде барбы, Дин башкармалыгы имамдардан экзамен алган. Ошондо алардын 30 пайызы гана өтүптүр. Бул имамдардын 70 пайызы диний жактан билимсиз экенинен кабар берет. Жакынкы аралыкта бул маселени дин адамдары менен талкуулаганы жатабыз.

— Расмий статистика боюнча Кыргызстандагы аялдар эрекектерге караганда каражатты 30 пайызга аз табат экен. Бул гендердик теңсиздиктен кабар берсе керек. Сиз 18 жашыңызда "Автоучкомбинатты" башкардыңыз, теңсиздик көйгөйүн байкаган жоксузбу?

— Бул көйгөйгө бат-бат эле кабылып турам. Бизде "сен аялсың, сенин күнүң 8-март" деген түшүнүк бар. Мага бардык учурда билимдүүлүгүм жана өзүмө болгон ишеничим жардам берет. Эркек ким менен сүйлөшүп жатканын түшүнгөндө мамилеси шарт эле өзгөрөт. Маселелерди дипломатия жолу менен чечем. Себеби муштум менен столду ургулаганды жаман көрөм. Мен өтө эрте жетилип, жашоо жылмалагандай түз эмес экенин жакшы түшүнгөм. Ата-энемдин дагы чоң жардамы тийди. 15 жашымда апамдан айрылып, атам менен калдым. Ошол киши мени чоңойтуп, тарбиялады.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашова: бийликте иштебесең бардыгы жеңилдей сезилет. Көпчүлүк" ушул чиновниктер эмнеге акылсыз" деп ойлошот. Чындыгында, бул абдан оор жүк. Чоң жоопкерчилик – 6 миллион адамдын жашоосу сенин мойнуңда
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова: бийликте иштебесең бардыгы жеңилдей сезилет. Көпчүлүк" ушул чиновниктер эмнеге акылсыз" деп ойлошот. Чындыгында, бул абдан оор жүк. Чоң жоопкерчилик – 6 миллион адамдын жашоосу сенин мойнуңда

— Депутат болуу кыйын бекен?

Основатель проекта Келин на час Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз
— Бийликте иштебесең бардыгы жеңилдей сезилет. Көпчүлүк" ушул чиновниктер эмнеге акылсыз" деп ойлошот. Чындыгында, бул абдан оор жүк. Чоң жоопкерчилик – 6 миллион адамдын жашоосу сенин мойнуңда. Мен добуш берген биринчи мыйзам долбоор эсимде. Ал жеке клиникаларга органдарды трансплантациялоого уруксат берген документ эле. Мен, албетте, каршы турдум. Себеби биздеги коопсуздук деңгээли буга жооп бере албайт. Балдар жоголо баштаса эмне болот? Мен кесиптештеримден дагы каршы добуш берүүлөрүн сурангам.

Жыйынтыгында каршы добушту мен эле бердим. Бирок президент мыйзам долбоорун артка кайтарды.

— Бизде бай болсоң демек уурусуң деген түшүнүк бар. Депутат болсоң анда иштин бүткөнү деген пикир жашайт эмеспи…

— Мындай процесстин жүрүшүн элестетким дагы келбейт. Бирок чынында айрым чиновниктер таң калтырып коюшат. Эки жыл мамлекеттик кызматта отуруп эле Лексус айдап калышат. Эл мындайды дароо байкайт. Ошол байкагычтык адамды тонуста кармап турат.

Маек орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0