Кара-Балтанын мэри дагы шайланбай калды, шаардык кеңеш таркашы мүмкүн

© Фото / Алина БлаговаВыборы мэра города Кара-Балта
Выборы мэра города Кара-Балта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин сессиясында эки жолу кворум болбогондуктан калаа башчысы шайланбай калды. Эми шаардык кеңеш тарап кетүү коркунучунда турат.

КАРА-БАЛТА, 8-фев. — Sputnik. Кара-Балта шаарынын мэри дагы шайланбай калды, эми шаардык кеңеш таркап кетиши мүмкүн.

Шаршемби күнү 2016-жылы 11-декарда шайланган жаңы чакырылыштын депутаттары экинчи жолу сессияга чогулуп, калаа башчысын шайлоо маселесин карашмак.

Биринчи жыйында 31 депутаттын 19у гана чогулуп, кворум болбогондуктан шаар башчысы шайланбай калган. 

© Фото / Алина БлаговаКара-Балта шаарынын мэрин шайлоо
Выборы мэра города Кара-Балта - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо

Бүгүн болгон жыйынга 18 депутат гана келди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мэрди шайлоо үчүн депутаттардын үчтөн эки бөлүгү катышуусу керектигин айткан.

"Азыр депутаттар толук чогулган жок. 31 депутаттын үчтөн экиси 21 болот. Бул жерде болгону 18 гана депутат отурат. Андыктан алар калаа башчысын шайлоо маселесин карай албайт. Бул маселе күн тартибинен алынат", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле эки жолу кворум болбой калгандын кесепети кандай болорун айтып берди.

"Эгер депутаттар эки жолу чогулуп, шаар башчысын шайлай албай калса, БШК аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңешти таратуу боюнча президентке сунуш киргизе алат", — деди ал.

Бекматов жергиликтүү кеңешти таратуу боюнча маселени президент гана чече аларын кошумчалады.

Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Сариев: өлкө президенттигине болгон атаандаштык курч болот
Андан сырткары, депутаттардын алдында шаар мэринин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов сүйлөп, калаада чечилиши керек болгон бир катар маселелер бар экенин кошумчалады.

Кара-Балта шаарынын мэри болууга эки талапкер ат салышкан. Алар мээрдин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов жана мурдагы шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Жанболотов.

2016-жылы 11-декабрда болгон шайлоодо жергиликтүү кеңешке алты партия өткөн: КСДП (7 мандат), "ЭлАман" (6 мандат), "Элдик-Народная" (6 киши), "Республика — Ата-Журт"(5 мандат), "Акшумкар" (4 мандат) жана "Кыргызстан" (3 мандат).

Жаңылыктар түрмөгү
0