Апта ирмеми: колумбиялык сулуудан тарта рулга өбөктөгөн Трампка чейин

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Колумбияда эң сулуу делген кызды тандашса, Таиланддын борборунда колуктулардын жыл сайын өтүүчү жарышы болду. Бишкек Ноорузду жаркыраган маанай менен тоссо, Днепрге балыктарды коё беришти. Түштүк Афтикада бий боюнча мелдеш өтсө, Кыргызстанда көк бөрү турнири болду.

Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тай казанга ыргытылган улактар. Көкбөрүчүлөрдүн кармашы
АКШ президенти Дональд Трамп жүк ташыган автоунааны айдаса, Москвада Рамзан Кадыровдун кызынын колунан чыккан модалуу көйнөктөрдү Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында коомчулукка көрсөттү.

Россияда түштүк региондогу аскер бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгы капысынан текшерилсе, Украинанын Балаклея шаарында курал-жарак салынган кампа жарылып кетти. Лондон менен Брюсселде терактынын курмандыктары эскерилсе, Киевде Мамдуманын экс-депутаты Денис Вороненковду өлтүрүп кетишти. Корей жарым аралынын жээгинде чөгүп кеткен "Севоль" паромун алып чыгышса, Омскиде бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык кубок өттү.

© AFP / Joaquiin Sarmiento "Мисс Колумбия — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Лаура Гонсалес
Конкурс Мисс Колумбия-2017 в Картагене - Sputnik Кыргызстан
1/21
"Мисс Колумбия — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Лаура Гонсалес
© AP Photo / Sergei ChuzavkovДнепрде суу ресурстарынын эл аралык күнүнө карата балыкты сууга кое берүү. (Киев, Украина)
Всемирный день водных ресурсов в Киеве - Sputnik Кыргызстан
2/21
Днепрде суу ресурстарынын эл аралык күнүнө карата балыкты сууга кое берүү. (Киев, Украина)
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүНооруз майрамы. "Ала-Тоо" аянтында улуттук кийимчен кыз
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/21
Нооруз майрамы. "Ала-Тоо" аянтында улуттук кийимчен кыз
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары "Ак-Кула" ат майданында финалдык беттеште
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/21
"Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары "Ак-Кула" ат майданында финалдык беттеште
© REUTERS / Athit PerawongmethaТаиланддын борборундагы колуктулардын жыл сайын өтүүчү жарышы. Баш байгеге 29 миң долларга жакын акча сайылган
Ежегодный забег невест в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
5/21
Таиланддын борборундагы колуктулардын жыл сайын өтүүчү жарышы. Баш байгеге 29 миң долларга жакын акча сайылган
© AFP / RAJESH JANTILALДурбандагы (Түштүк Африка) жыл сайын өтүүчү бий конкурсу
Ежегодный конкурс по национальным танцам Ингома в Дурбане - Sputnik Кыргызстан
6/21
Дурбандагы (Түштүк Африка) жыл сайын өтүүчү бий конкурсу
© REUTERS / Carlos Barria Айдоочулар менен жолугушуу учурунда Дональд Трамп жүк ташыган автоунааны айдады
Встреч президента США Дональда Трампа с членами Американской ассоциации грузоперевозок в Белом доме - Sputnik Кыргызстан
7/21
Айдоочулар менен жолугушуу учурунда Дональд Трамп жүк ташыган автоунааны айдады
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын күнү менен Жеңиш майрамына даярдык азыртадан башталды. "Ала-Тоо" аянтына өчүп-күйүп турган турган композиция орнотушту.
Праздничное оформление центральной площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
8/21
Бишкек шаарынын күнү менен Жеңиш майрамына даярдык азыртадан башталды. "Ала-Тоо" аянтына өчүп-күйүп турган турган композиция орнотушту.
© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосквада Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова колунан чыккан модалуу көйнөктөрдү Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында коомчулукка көрсөттү.
Показ коллекции Firdaws - Sputnik Кыргызстан
9/21
Москвада Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова колунан чыккан модалуу көйнөктөрдү Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында коомчулукка көрсөттү.
© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМолькино полигону. Россиянын Аскер күчтөрү түштүк региондогу аскер бөлүктөрүнүн тактикалык машыгуу учурунда алардын аскердик даярдыгын капысынан текшерди
Военные учения в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
10/21
Молькино полигону. Россиянын Аскер күчтөрү түштүк региондогу аскер бөлүктөрүнүн тактикалык машыгуу учурунда алардын аскердик даярдыгын капысынан текшерди
© REUTERS / Alexander SadovoyУкраинанын Балаклея шаарында курал-жарак салынган кампа жарылып кетти. Өрт түндө алоолонуп баштап, 10 чакырымдагы 36 миң адамды эвакуация кылышты
Взрыв на складе боеприпасов в Балаклее Харьковской области Украины - Sputnik Кыргызстан
11/21
Украинанын Балаклея шаарында курал-жарак салынган кампа жарылып кетти. Өрт түндө алоолонуп баштап, 10 чакырымдагы 36 миң адамды эвакуация кылышты
© AFP / Sergei SUPINSKYКиевде "Премьер Палас" мейманканасынан чыккан учурда Мамдуманын экс-депутаты Денис Вороненковду өлтүрүп кетишти
Убийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве - Sputnik Кыргызстан
12/21
Киевде "Премьер Палас" мейманканасынан чыккан учурда Мамдуманын экс-депутаты Денис Вороненковду өлтүрүп кетишти
© REUTERS / Yves Herman Брюсселде 2016-жылы 22-марттагы терактынын курмандыктары эскерилди. Анда 32 адам курман болуп, 300ү жаракат алган
Акция памяти жертв терактов в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
13/21
Брюсселде 2016-жылы 22-марттагы терактынын курмандыктары эскерилди. Анда 32 адам курман болуп, 300ү жаракат алган
© AP Photo / Vladimir VoroninБишкектеги УКМКнын имаратынын жанында милиция менен экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кагылышты
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/21
Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында милиция менен экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кагылышты
© REUTERS / STRINGERКорей жарам аралынан Сары деңизге мындан үч жыл мурда чөгүп кеткен "Севоль" паромун алып чыгышты. Анда, 2014-жылы апрелде 295 адам каза таап, анын тогузу азыркыга чейин белгисиз болуп келет
Извлечение затонувший три года назад парома Севоль со дна Жёлтого моря - Sputnik Кыргызстан
15/21
Корей жарам аралынан Сары деңизге мындан үч жыл мурда чөгүп кеткен "Севоль" паромун алып чыгышты. Анда, 2014-жылы апрелде 295 адам каза таап, анын тогузу азыркыга чейин белгисиз болуп келет
© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлган "Айчүрөк" спектакли
Первая кыргызская опера Ай-Чурек по мотивам народного эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
16/21
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлган "Айчүрөк" спектакли
© REUTERS / Omar Sobhani Кабулдагы (Афганистан) Нооруз майрамы. Шар саткан киши
Празднование Дня Навруза в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
17/21
Кабулдагы (Афганистан) Нооруз майрамы. Шар саткан киши
© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОмскиде өткөн бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык кубоктун катышуучусу
Открытый Кубок Омской области по бодибилдингу - Sputnik Кыргызстан
18/21
Омскиде өткөн бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык кубоктун катышуучусу
© REUTERS / Heino KalisВаленсиядагы Фальяс фестивалында папье-машеден жасалган куурчакты өрттөштү (Испания)
Фестиваль Фальяс в Валенсии - Sputnik Кыргызстан
19/21
Валенсиядагы Фальяс фестивалында папье-машеден жасалган куурчакты өрттөштү (Испания)
© REUTERS / Baz RatnerТель-Авивдеги ылайдагы жарыш. Катышуучулар баткакка чыланып, 13 чакырымды басып өтүшү зарыл
Первый грязевой забег в Тель-Авиве - Sputnik Кыргызстан
20/21
Тель-Авивдеги ылайдагы жарыш. Катышуучулар баткакка чыланып, 13 чакырымды басып өтүшү зарыл
© AFP / CHRIS J RATCLIFFE Вестминстерскидеги шамдар. 2017-жылдын 22-мартындагы терактыдан каза болгондордун элесин эскерүү
Теракт у британского парламента - Sputnik Кыргызстан
21/21
Вестминстерскидеги шамдар. 2017-жылдын 22-мартындагы терактыдан каза болгондордун элесин эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0