Колумбияда эң сулуу делген кызды тандашса, Таиланддын борборунда колуктулардын жыл сайын өтүүчү жарышы болду. Бишкек Ноорузду жаркыраган маанай менен тоссо, Днепрге балыктарды коё беришти. Түштүк Афтикада бий боюнча мелдеш өтсө, Кыргызстанда көк бөрү турнири болду.
АКШ президенти Дональд Трамп жүк ташыган автоунааны айдаса, Москвада Рамзан Кадыровдун кызынын колунан чыккан модалуу көйнөктөрдү Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында коомчулукка көрсөттү.
Россияда түштүк региондогу аскер бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгы капысынан текшерилсе, Украинанын Балаклея шаарында курал-жарак салынган кампа жарылып кетти. Лондон менен Брюсселде терактынын курмандыктары эскерилсе, Киевде Мамдуманын экс-депутаты Денис Вороненковду өлтүрүп кетишти. Корей жарым аралынын жээгинде чөгүп кеткен "Севоль" паромун алып чыгышса, Омскиде бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык кубок өттү.

"Мисс Колумбия — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Лаура Гонсалес

Днепрде суу ресурстарынын эл аралык күнүнө карата балыкты сууга кое берүү. (Киев, Украина)

Нооруз майрамы. "Ала-Тоо" аянтында улуттук кийимчен кыз

"Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары "Ак-Кула" ат майданында финалдык беттеште

Таиланддын борборундагы колуктулардын жыл сайын өтүүчү жарышы. Баш байгеге 29 миң долларга жакын акча сайылган

Дурбандагы (Түштүк Африка) жыл сайын өтүүчү бий конкурсу

Айдоочулар менен жолугушуу учурунда Дональд Трамп жүк ташыган автоунааны айдады

Бишкек шаарынын күнү менен Жеңиш майрамына даярдык азыртадан башталды. "Ала-Тоо" аянтына өчүп-күйүп турган турган композиция орнотушту.

Москвада Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова колунан чыккан модалуу көйнөктөрдү Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында коомчулукка көрсөттү.

Молькино полигону. Россиянын Аскер күчтөрү түштүк региондогу аскер бөлүктөрүнүн тактикалык машыгуу учурунда алардын аскердик даярдыгын капысынан текшерди

Украинанын Балаклея шаарында курал-жарак салынган кампа жарылып кетти. Өрт түндө алоолонуп баштап, 10 чакырымдагы 36 миң адамды эвакуация кылышты

Киевде "Премьер Палас" мейманканасынан чыккан учурда Мамдуманын экс-депутаты Денис Вороненковду өлтүрүп кетишти

Брюсселде 2016-жылы 22-марттагы терактынын курмандыктары эскерилди. Анда 32 адам курман болуп, 300ү жаракат алган

Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында милиция менен экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кагылышты

Корей жарам аралынан Сары деңизге мындан үч жыл мурда чөгүп кеткен "Севоль" паромун алып чыгышты. Анда, 2014-жылы апрелде 295 адам каза таап, анын тогузу азыркыга чейин белгисиз болуп келет

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлган "Айчүрөк" спектакли

Кабулдагы (Афганистан) Нооруз майрамы. Шар саткан киши

Омскиде өткөн бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык кубоктун катышуучусу

Валенсиядагы Фальяс фестивалында папье-машеден жасалган куурчакты өрттөштү (Испания)

Тель-Авивдеги ылайдагы жарыш. Катышуучулар баткакка чыланып, 13 чакырымды басып өтүшү зарыл

Вестминстерскидеги шамдар. 2017-жылдын 22-мартындагы терактыдан каза болгондордун элесин эскерүү
