Бийлик кантип алмашты?
Соңку окуялардагы урунттуу учурлар
Бийлик кантип алмашты?
Соңку окуялардагы урунттуу учурлар
2020-жыл да Кыргыз Республикасынын тагдырын чечерлик жылдардан болуп калды. Быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы президент Сооронбай Жээнбековду тактан оодарып түштү. Саясий серепчилер Кыргызстандагы парламенттик шайлоо дагы бир нааразылык толкунун жаратарын август айында эле болжой башташты эле.

Адистер кескин чабалдаган экономика, электоратты жапырт сатып алуу, ошондой эле кайталанып кетиши да ыктымал деп Беларустагы митингдерден улам тынчсызданып турушкан. Бирок быйылкы шайлоонун кесепети чындыгында мындай болуп кетерин эч ким болжой албаган чыгар... Биз бир материалга акыркы аптада өлкөнү бир топ дүрбөлөңгө салган, көпчүлүктү миң түйшөлткөн окуялардын маанилүү учурларын топтодук.
4-октябрь.
Шайлоо күнү

Шайлоого чейин эле кырдаал кызый баштаган: шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча көптөгөн фактылар, ар кыл партиялардын тарапташтарынын ортосундагы мушташтар орун алып, ал эми саясатчылар бирин бири ыплас оюндарга айыптап бүтө албай келишкен.

Ошол күнү шайлоо тилкелеринин алдында добуш берүүгө ынтызар адамдардын саны арбын болду. Жарандык милдетин аткаруу үчүн алар маалкатып күттүргөн кезекке да кайыл эле.
Алгачкы маалыматтар кечки саат сегизден кийин жарыяланды. Алдын ала жыйынтык боюнча парламенттеги орундар төрт саясий уюмдун, атап айтсак, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын ортосунда бөлүштүрүлдү. Анан калса, алдыңкы саптагы эки партияга 120 мандаттын 91и тийген.
5-октябрь.
Кандуу митинг

Жети пайыздык чектен өтө албай калган бир нече партия нааразычылык билдирди. Беш саясий уюмдун лидерлери бириккенин жарыялап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Көп өтпөй алардын катарына дагы алты партия кошулду.

Нааразы топтордун алгачкылары 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтына алгач саат күндүзгү 11де келишти. Башта "Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрүнөн гана турган чакан топ эле. Бирок акырындап башка саясий бирикмелердин да мүчөлөрү жана тарапкерлери аянтка агыла баштаган.
Бир нече сааттан соң аянтка миңдеген киши чогулду. Секидеги трибунадан саясатчылар шайлоо "ыплас" өткөнүн айтып, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышты.
Ал ортодо калаа борборуна ИИМдин атайын техникасы топтоло берди. Эски аянтка атайын багыттагы отряд казкатар тизилди.
Саат кечки сегизге чукул "Ак үй" тарапка таштар ыргытыла баштап, митингчилер имараттын тосмосун сындырууга киришти.
Капыстан аянтта жарылган дабыштар угулду: күч органдар кулак тундуруучу гранаталарды колдонушту.
Ошентип митингчилер менен милиционерлердин ортосунда кыл чайнашкан тиреш башталды. Митингчилерди водометтор менен артка сүрүп, аянт көздү ачыштырган газга толо түштү. Оппозиционерлер укук коргоочуларга таш жана май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытуу менен "жооп" кайтарышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугууга ниетин билдирди, бирок кеч болуп калган. Кырдаал колдон чыгып кеткен эле.

Бир нече ирет милиция митингчилерди артка сүргөнү менен алар улам кайра алдыга умтула беришти. Тиреш калың түндө да уланып турду.
Миңден ашуун жаран, анын ичинде "Ата Мекен", "Мекен ынтымагы" партияларынын лидерлери Жанар Акаев менен Темирбек Асаналиев жабыркады. Аянтта жаалданган эл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду башка-көзгө койгулап салышты.

Элди мүңкүрөткөнү — митингчилердин арасындагы 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулунун набыт болушу. Маркумдун бут алдында граната жарылган.
6-октябрь.
Саясаттын дөө-шааларынын абактан чыгарылышы
Митингчилер жеңишке жетишти: түн бир оокумда, тагыраак, саат 3тө "Ак үйдү" алышты. Таңга маал имараттын ичи түтөп, өрт чыкты.
Митингчилердин бир бөлүгү соттолгон саясатчыларды бошотуу үчүн абак жайларын көздөй аттанышты. Биринчилерден болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгарылды. Анын аркасынан мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин эски мэри Албек Ибраимов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК экс-депутаттары Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров кое берилген. Калгандарынын көпчүлүгү абакка кайра кайтышса, акыркы аталган инсан бир нече күн өтпөй өкмөттү жетектеп калды.
Анткен менен иштеп турган президент Сооронбай Жээнбеков ордун бошотуу туурасында ойлогон да эмес экен. Эртеси саат тогузда басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент Бишкекте экенин жана "кырдаалды көзөмөлдөп жатканын" кабарлаган.
Катар-катар чуулгандуу отставкалар башталып, ошол бир нече күндүн ичинде премьер-министр Кубатбек Боронов, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, өкмөттүн төрт облустагы ыйгарым өкүлдөрү, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, ошондой эле борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткен. Бишкектин мэри кайра кызматына кайтып, тарапкерлерин бир кубанткан. Орун басарлыгына бир убакта шаар башчылыгын аркалаган Нариман Түлеев келерин утурлай кайрадан өз ыктыяры менен кызматын тапшырды.
Сегиз партия биригип, Координациялык кеңеш (КК) түзүштү. Башчылыгына
Адахан Мадумаров тандалган. Аталган кеңешке "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш", "Социал-демократтар" жана "Ордо" кирген. Бирок ал КК реалдуу саясий күчкө ээ боло алган жок.
Республиканын улам ар кай жеринде тоо-кен ишканаларын басып алуу башталды. Айрыкча, көмүр жана алтын казуу менен алектенген компаниялар жапа чекти. Маселен, Талас облусунда 500 чакты белгисиз адам "Жерүй" фабрикасына кирип барышкан. Анда тартылган көп тасма, сүрөттөрдө ишкананын имаратынан түтүн чыгып жатканы көрүнөт.

Эл жагдайды даана көрсөтө турган парламенттин кезексиз жыйынын күттү. "Ак үйдө" өрт чыккандыктан, депутаттар кечке жуук "Достук" мейманканасына чогулушту. Адегенде жаңы спикер тандалып, "Бир бол" фракциясынын өкүлү Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Бул киши төрагалыкты бир нече күн гана аркалай алды.
Өкмөт башчылыгына абактан жаңы эле чыгарылган экс-депутат Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн эле. Бул дайындоо кийин көп талаш-тартыш жаратып, көпчүлүгү аны мыйзамсыз деп аташты. Мурда Жапаров барымтага алуу беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылган. 2013-жылы Караколдогу митинг маалында нааразылык акциясына чыккандар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч менен автоунаага салышкан. Азыр Жапаровдун иши сотко чейинки өндүрүшкө жөнөтүлгөн.
Ал ортодо өлкө борбору мародерчулуктан (анткени, буга чейинки ушундай чоң саясий окуяларда талап-тоноонун биринчи бутасына кабылып келген эмеспи) коргонуунун камын көрө баштаган. Банкоматтардан накталай акча алдын ала алынып, иши убактылуу токтотулуп, дүкөндөр жабылып, шаардыктар ыктыярдуу түрдө элдик кошуундун катарын толуктады.
7-октябрь.
Баскынчылардын "убагы"
Элдик кошуунчулар тегин жерден даярдык көрүшпөптүр. 7-октябрга караган түн алар үчүн оор, шаар тургундары үчүн кооптуу өттү. Адегенде белгисиз кишилер Финполдун имаратын басып алууга аракет кылышты, бирок кошуун аны коргоп калды. Андан ары мародерчулардын тобу Совет-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборун талкалоого белсеништи. Ал түгүл мамлекеттик резиденция тарапка да жылышты. Эгер коргоочулардын отряддары болбогондо, аягы эмне менен бүтөрү белгисиз эле...
Жаңы "кожоюндар" "Кыргыз темир жолу", "Мегаком", "Кыргызалтын", "Кумтөр", "Кыргызкөмүр" компаниялары жана башка ишканаларга да асылбай коюшпады. Бирок андай чабуулдардын баарынын "мизи" кайтарылды. Басып алуучулар катары өздөрү билип мамлекеттик мекемелерди ээлеп алган айрым саясий партиялардын мүчөлөрү да аталды.
"Эски" координациялык кеңешке каршы дагы бир – Элдик координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына "Чоң казат", "Ордо", "Мекен ынтымагы", "Реформа" жана "Ыйман нуру" партияларынын мүчөлөрү кирди. Алар Садыр Жапаровду премьер катары тааныбай турганын жар салышты. Ал кеңеш деле мурдагысынын тагдырын кайталап, эч кандай саясий күчкө ээ боло алган жок.
Дал ошол тушта өкмөт башчылыгына дагы бир талапкер тууралуу белгилүү болуп, жаш "атамекенчи" Тилек Токтогазиевдин ысымы аталды. Бирок көп өтпөй партиялар министрлер кабинетинин башчылыгына Өмүрбек Бабановду, ал эми жаш саясатчыны анын биринчи орун басарлыгына көрсөтүү боюнча чечим кабыл алышты. Алардын ою да оңунан чыккан жок.
9-октябрдагы митинг маалында Тилек Токтогазиев сүйлөп жаткан трибунага Садыр Жапаровдун тарапташтары чабуул койгон. Натыйжада жаш саясатчы башы чайкалып, ооруканага жаткырылган.
8-октябрь.
Саясий жымжырттык

Отставка боюнча арыз жазган Бишкек мэри Азиз Суракматов кызматына кайтып келди. Ал жок маалда бул орунду ээлөөгө үч киши үлгүрдү. Мэриянын жанында Суракматовду колдоо митинги өттү.
Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдоо митинги уланып жатты. Саясатчынын тарапташтары бул аракетти "имаратты кайтаруудабыз" деп билдиришти. Эртеси күнү алардын тынч акциясы саясий оппоненттери менен толук масштабдуу тирешке айланып кетти.
Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу көп айтыла баштаганы менен президенттин басма сөз кызматы башкача билдирип, бул жөнүндө азырынча кеп жоктугун айтып жатты. Көп узабай Жээнбеков чечимин өзгөрттү. Бир күндөн кийин ал жаңы өкмөт куралып, бекитилген соң кызматын тапшырары айтылды.

Чек ара кызматы жогорку кызматтагылардын сыртка чыгуусуна тыюу салды. Ошондой эле SWIFT тутуму боюнча банктан акча которуулар убактылуу токтотулду. Бул аткаминерлер республикадан өз капиталын чыгарып кетпеши үчүн көрүлгөн чара эле.
9-октябрь.
Тиреш кызыды
Кырдаал таңдан тарта эле курчуй баштаган. Президент "өлкө мыйзамдуу нукка түшкөндөн кийин" отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.

Таң атпай эле Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери жыйнала баштады. Ошол тапта аны премьер-министр катары көрсөтүү мыйзамдуу же мыйзамга жат деп эсептелери айкын эмес эле.
Айрымдар Жапаровдун талапкерлигин таанышкан жок. Ал тургай өкмөт башчылыгына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө киришкен. Бул кызматка аттанган күчтүү саясатчылардын бири, өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы, "Республика" партиясынын түптөөчүсү Өмүрбек Бабанов эле.
Ал киши да дароо борбордук аянтта өзүнүн тарапташтарынын митинги өтөрүн жарыялаган. Аталган саясатчыны өзүнүн "Республика" партиясы гана эмес, "Ата Мекен", "Бир бол" жана "Реформа" партиялары да колдошту. Бабанов алар тараптан эч кандай чагымчылык болбостугуна ынандырган.
"Медиафорумдун" имаратынын алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жаткан. Көп узабай эле качандыр бир эч мүмкүн эместей туюлган окуяга күбө болдук. Мурдагы саясий атаандаштар Бабанов жана Атамбаев биригип, "Ак үй" тарапка бет алган колоннаны жетектеп келе жатышты.
"Ала-Тоо" аянтына жакын жерде Садыр Жапаровдун бир жарым миңдин тегерегиндеги тарапкерлери чогулуп турган.
Бул акциялардын аягы тынч бүтпөй турганы боюнча тынчсыздануу жаралган эле. Дал ошондой болду.
10-октябрь.
Деги премьер-министр ким?
Садыр Жапаровду өкмөт башчысы катары саноого болор-болбостугу боюнча талаш бүтүндөй өлкөнү аралады. ЖК спикери Аида Касымалиеванын билдирүүсү да отко май чачкандай болду. Ал көпчүлүк коалициясын Жапаровго карата чечимди кайра кароого чакырды.
Бишкекке аскер жана атайын техникалар тартылды, шаарды тик учактар айланып жүрдү. Коменданттык саат киргизилди.
Кечке жуук көпчүлүктүн бүйүрү кызып, жагдай курчуй баштады: депутаттар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына министрлер кабинетин ким башкарары боюнча маселеге чекит коюу үчүн чогулушту.

Кантсе да интригаларга жол берилген жок: жыйынга чейин эле эл өкүлдөрүнүн бир тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин мыйзамдуу деп санашарын билдиришкен. Шек саноолор ал киши сөз алып, өз программасын айта баштаганда токтоду көрүнөт.
Жапаров өкмөттүн курамы жана структурасы мурдагы бойдон каларына, "Кумтөр" кени улутташтырылбай турганына, ал эми өзү премьерликке дайындалгандан кийин президент Жээнбеков отставкага кетерине ынандырган. Депутаттар бир добуштан анын талапкерлигин бекитишти.
Ошол эле күнү бир нече орчундуу отставкалар орун алды. Жаңы эле шайланган ЖК спикери Мыктыбек Абдылдаев (себебин өзү тактаган жок) кызматынан кетти. Жапаров менен иштешүүдөн баш тарткан вице-премьер Эркин Асрандиев арызын жазды.

Ал ортодо мамлекеттик резиденциянын чегинде кырдаал да жөнөкөй эмес эле. УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлерин кармап кетишкен. Башкы прокуратура 6-октябрда бошотулгандардын калганын да абак жайларына кайтууну талап кылды.
11-12-октябрь.
Кайрадан жымжырттык

Бир нече депутат андан мурунку күнкү жыйындын чечими мыйзамсыз, кворум болгон эмес деп эсептешти. Атасак, мындай билдирүүсү менен биринчи вице-спикер Аида Касымалиева чыкты.

Улуттук банк эл аралык каржылык операцияларды ишке киргизди. Турмуш мурдагы нугуна түшө баштады.
Борбор калаанын дал ортосунан митингчилер көрүнбөй, эски аянт да, "Ала-Тоо" аянты да ээн калды. 5-октябрдан бери калаада биринчи ирет нааразылык акциялары өтпөдү. "Ак үйдүн" жарыгы жандырылды.
13-октябрь.
Жээнбеков дээрлик жеңишке жеткен күн
Республикага Россиянын лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен РФ президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак өлкөгө келип, президент Сооронбай Жээнбеков жана макамы толук аныктала элек Садыр Жапаров менен жолукту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жапаров менен кезигип, аны премьер-министрликке дайындоо туурасындагы токтомду Жогорку Кеңешке кайтарган. Буга парламенттин ошол жыйынына депутаттар жетишерлик санда катышпаганы, тагыраак, кворумдун жоктугу себеп болгон. Дал ошондон улам эл өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынына бүтүндөй өлкө көз салды. Садыр Жапаровдун премьерлик тактыны ээлеп-ээлебеси бүйүр кызытып турду.
Кворум боюнча бул жолу да көйгөй жаралды: депутаттар тийиштүү санда чогулганча үч саат күтүүгө туура келди. Парламентарийлер биринчи болуп жаңы спикерди шайлап алышты. Эми ЖК төрагалыгына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев келди. Апта ичиндеги үчүнчү спикер. Жапаров менен маселе дагы ачыктала элек кез.
14-октябрь.
Өлкө легитимдүү премьер
лүү болду
Кайрадан коомчулуктун назары депутаттарга бурулду, себеби, кезектеги жыйында Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мыйзамдуу башчысы болобу же жокпу деген маселеге алар акыркы чекит коюшмак.
Акыры анын талапкерлиги бекитилди. Аны менен бирге өкмөттүн жаңы курамы каралган, ошентип, өлкөдө бир саатта эле министрлер алмашып кеткен. Президент тийиштүү жарлыкка кол койгон. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары баары бир чогулуп, тарай турган түрлөрү жок эле. Улам Өкмөт үйүнүн алдына топтолуп турушту. Миңге чукул киши катышкан митингде Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.
Жаңы премьер Садыр Жапаров бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Мисалы, ал жакын арада жарандардын паспортунда "улуту" деген графа кайра кайтарыларын айткан. Президент Жээнбеков ошол күнү эле отставкага кетүүгө даяр экенин жар салган.

Өз кезегинде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Садыр Жапаров айткандай президент үч күн ичинде кетерине убада бербегенин, Жээнбеков кызматын өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо өткөндөн кийин тапшырарын билдирди. Кырдаал курчуп баратты...
15-октябрь.
Президенттин отставкасы

Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогула башташкан. Бул жер да тегин жерден тандалбаптыр, анткени, аталган мейманкана президенттин отставкасы тууралуу маселе чечилип жаткан мамлекеттик резиденцияга жапжакын жайгашат. Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.
Көп өтпөй мамлекеттик резиденцияга премьер-министр Садыр Жапаров келди. Ал жакка аскерлер да тартылды. Коомчулук тынчсыздануу менен оор жагдайга көз салып турду. Узакка созулган жок, түшкү саат 2де президент Сооронбай Жээнбеков отставкасы туурасында жар салды.
Бирок митингчилер бул чечимге да канааттанбай, Жогорку Кеңештин тарашын талап кыла башташты. Анткени парламенттин спикери президенттин милдетин аткаруудан баш тартса, бул жогорку бийлик Садыр Жапаровго тиймек.
Алар эски аянтты көздөй жылып, саясатчынын келишин күтүп жатышты. Садыр Жапаров аянттагы тарапташтарынын алдына кечке маал сегиздерде келди. Премьер-министр парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын билдирип, мамлекет башчысынын функцияларын өзүнө аларын жарыялады. Тарапташтары андай жаңылыкты кыйкырык-сүрөөн менен кабылдады.
16-октябрь.
Нукка түшкөн күн

Жогорку Кеңештин жыйыны бул ирет айтылган убакытта башталды. Антпесе, депутаттар бир топ убакыттан бери кечигип чогулушчу болгон. Алар залда кимдер болорун да так билишкендир... Айрымдарга Сооронбай Жээнбековдун залга келиши күтүүсүз болду. Мамлекеттик резиденциянын жыйындар залына ошол учурдагы президент катары соңку ирет баш бакты.

Отставкасы жөнүндө сөзүн сүйлөп бүткөндө залдагылар ордунан туруп кол чапты.
Жогорку Кеңештин спикери Канат Исаев мамлекет башчысынын милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты. Ошондуктан премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучунун да жүгүн артынды. Ал кол койгон жарлыкка ылайык, Жээнбеков экс-президент деген макамга жана анын бардык сый-артыкчылыктарына ээ болду.

Ушул окуялар маалында Кыргызстанда коронавирус илдетин илештиргендердин саны кескин өстү. Күн сайын 500дүн тегерегинде катталууда. Валюталык рыноктогу жагдай да начарлап, улуттук валютанын куну төмөндөй түштү. Жаңы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү пландалууда.
Редактор
Асель Минбаева

Фото, видео
Табылды Кадырбеков, Вячеслав Оселедко, Михаил Дудин, Эмиль Садыров, Светлана Федотова, Акылбек Батырбеков, Жоомарт Ураимов, Эркин Садыков, Батыр Мамыркулов

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0