Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео

Жазылуу
2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн күн. Апрель окуяларында 87 адамдын каны төгүлгөндөн кийин мамлекет башчы Курманбек Бакиев бийликтен кеткен.

Ал окуя кандай болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин видеоинфографикасынан көрүңүздөр.

2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылаптын чыгышына бийликтегилердин электр энергиясы менен жылуулукка тарифти кескин көтөрүшкөнү себеп болгон.

Апрельская народная революция 2010 — года - Sputnik Кыргызстан
Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт
“Ала-Тоо” аянтындагы кандуу окуялардан кийин президент Курманбек Бакиев кызматтан кетип, кийин сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жалпысынан 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат. Быйыл өлкө Апрель элдик революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрмөк. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0