2017-жылы 21-апрелде Бишкек шаарынан Mercedes Benz автоунаасы Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен эки окуучуну коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Жабыркаган окуучуларды балдардын №3 шаардык тез жардам клиникасына оор абалда алып келишкен.