00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Киноблог
Почему современному кино в КР катастрофически не хватает новых идей
18:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын калкы 7 4136 адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Билдирүүгө ылайык, жогорудагы көрсөткүч ушул жылдын 1-февралына карата алынган. Аялдар эркектерге караганда 76,4 миңге көбүрөөк. Аялдар — 3 миллион 745 миң; Эркектер — 3 миллион 668 миң 500. Ошондой эле анда шаар жергесинде 3 миллион 135,6 миң, элетте 4 миллион 277,9 миң адам жашаары айтылат. Калктын эң көп бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.
Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда чынар дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан жазгы өнөктүк башталгандан бери борбор калаада 6 миңге жакын жаңы дарак-бадал отургузулду. Ал эми былтыр отургузулган көчөттөрдүн 86%ы жакшы өсүп кеткен. Калаа жетекчиси жаш көчөттөрдү сугаруу жана кам көрүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи. "Жашыл көчөттөргө сапаттуу кам көрүү болгондо гана биздин аракеттерибиз натыйжалуу болот", - деди ал. Мэриядан белгилешкендей, учурда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде 93 миң көчөт бар. Алардын ичинен 20 миң көчөт шаар аймагына отургузулат, калганы питомникте өстүрүлөт.
Баткен шаарын жана Баткен районунун айыл аймактарын аралап өткөн Р6 каналы оңдолууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери мамлекеттик каржылоо менен 2025-жылдын декабрь айында башталган. 463 млн сомго каналдын 15,5 чакырым аралыгында калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Облус башчысы Мамыржан Рахимов курулуш иштерин тездетүү, кошумча жумушчулар топторун жана техникаларды тартып, белгиленген мөөнөткө бүткөрүүнү тапшырды. Тагыраагы 15-апрелге дыйкандарга сугат суу берүү керектиги белгиленди. Учурда 160дан ашык жумушчу жана тийиштүү адистер иш алып барууда. Керектүү техникалар тартылган. Азыркы күндө 9,8 километр аралыгында каналдын негизин даярдоо аяктап калды, калган чакырымында бетондоо иштери жүрүп жатат.
Украина Евробиримдикке кирүү үчүн өзүнө милдеттенме катары алган 10дон ашык талапты аткарбай, европалыктардын көңүлүн кайт кылды. Бул тууралуу Венадагы Эл аралык изилдөөлөр институтунун маалыматына таянып Berliner Zeitung басылмасы жазды. "Евробиримдикке талапкер Украина күткөн нерселерди актаган жок. Евробиримдиктин алдыңкы саясатчылары Украина тууралуу эртелеп эле мактай баштаган. Тышкы иштер боюнча жогорку өкүл Кая Каллас өлкө ЕБге мүчө болуу жолунда "олуттуу ийгиликтерге" жеткенин билдирди. Урсула фон дер Ляйендин айтымында, "Украина башка өлкөлөргө караганда тезирээк жана түп-тамырынан реформаланып жатат. Бул — тарыхый учур". Бирок көз карандысыз изилдөө институттары, борборлору Украинанын "акылга сыйбаган" прогрессине кыйла сын көз карашта", — деп макалада айтылат. Украинанын антикоррупциялык ишмердүүлүктө чечимдерди создуктуруп жатканы өзгөчө белгиленди."Венадагы эл аралык изилдөөлөр институту Украина Евробиримдикке кирүү үчүн өзүнө милдеттенме катары алган 10дон ашык талапты аткарбаганын аныктап чыкты. ЕБ Антикоррупциялык атайын прокуратурага "эл кызматындагылардын" коррупциялык кылыктарын иликтөөгө акыры уруксат берүүнү талап кылды. Бирок жыйынтык бүгүнкү күнгө чейин жок", — деп айтылат басылмада.
Жаңылыктар түрмөгү
0