22:19 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9712
  • RUB1.1117
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү (9)
889703

Улан Эгизбаев болгону 28 жашта эле.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Ысык-Көлдө "Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын журналисти Улан Эгизбаев сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу кабарды Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.

Билдирүүгө караганда, облустук милицияга кабар саат 14.30дар чамасында түшкөн.

"Улан Эгизбаев аттуу журналист 19-июль күнү Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатына жубайы менен эс алууга келген экен. Бүгүн номерин тапшырып, кетээр алдында сууга түшүп алуу максатында көлгө барып, кырсыкка учураптыр", — деди Усубакунов.

Анын айтымында, куткаруучулар журналистти суудан алып чыкканда тирүү болгон. Бирок оорукана алып барган жерден үзүлүп кеткен.

Улан Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.

2014-жылдан бери "Азаттык" үналгысында эмгектенип, коомдогу талуу маселелер боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына жана "Азаттык" үналгысынын жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Тема:
Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү (9)

Тема боюнча

Жигиттин гүлү элең... Sputnik агенттигинин Исмаил Мамытовду эскерүүсү
Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
Белгилер:
кырсык, өлүм, Улан Эгизбаев, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ