Өспүрүм небересинин никесин кыйдырган. Январдагы чуулгандуу 7 соттук чечим

Жазылуу
16 жаштагы небересинин боюнда болуп калганын билген чоң эне молдону чыкырып келип никесин кыйдырган. Кызыгы, нике кыюу процесси Россияда иштеп жүргөн күйөө баласы менен телефон аркылуу байланышып өткөрүлгөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы оозду ачырган жети соттук чечимди сунуштайт.

Взрыв на посту ДПС в Казбековском района Дагестана - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жардыруу, Германияга сатылган 55 тонна жез. 90-жылдардагы кылмыштар
Жашы жете элек кыздын никеси. 16 жашка чыга элек секелек кыз боюна бүтүп калат. Ал эми анын 19 жаштагы жигити Россияга иштегени кетип калган. Мындай абалды жайгаруу үчүн кыздын чоң энеси чет жакта иштеп жүргөн бала менен телефон аркылуу байланышып небересинин никесин кыйдырган. Ошентип чоң эне сот жообуна тартылып калат. Ал эми өспүрүм кыз чоң энесинин күнөөсү жок экенин айтып, никелешкен бала менен бир жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн жана бири-бирин сүйө турганын билдирген. Соттолуучу болсо, ошол маалда небересинин боюнда болуп калгандыгын айтып актанган. Сот айыпталуучуну бир жылга шарттуу эркинен ажыраткан.

Ажатканадагы чыр. Эки тууган кыз мас абалында коомдук ажатканага кирет. Анын ичиндеги бейтааныш аял менен пикирлери келишпей мушташа кетишкен. Бечара аялды чачынан сүйрөшкөндүктөн эки шакеги менен сөйкөсүн жоготуп алган. Жаалданган кыздарды милиционерлер келип токтоткон. Кийин күнөөкөрлөр аялдан кечирим сурап, чыгымын төлөп беришкен. Окуя элдешүү менен аяктаган.

Ага-ининин баарлашуусу. Кырсык болгон түнү жабырлануучу агасыныкына келип таарынычын айтып элдешмей болот. Бирок ортодо пикир келишпестик чыгып мушташа кетишкен. Алгач соттолуучу ал жерден балдагы менен качып кетүүгө аракет жасаган. Муну жабырлануучунун аялы жылмайып карап турган. Бир маалда эле соттолуучу колуна бычак ала калып бир тууганын жарадар кылган. Жыйынтык: сот айыпталуучуну шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратты.

Айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинге соттун өкүмү чыкты
"Кызганчаак күйөө". Түгөйлөр жарандык никеде жашап келишкен. Бул түнү эмне болгону белгисиз. Жолдошунун айтымында, жубайы үйгө мас абалында келген. Ага жини келип бир эки-жолу кол көтөрүп койгон. Бирок бир-эки жолу дегени менен аялдын жамбашынан жарака кетип, мурду сынган. Ал эми жабырлануучунун айтымында, жарандык никедеги жолдошу түн ортосунда үйүнө кирип келип сабап салган. Арыздануучу моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом сураган. Бирок сот айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, моралдык чыгым үчүн 30 миң сом айып салган (материалдык чыгым үчүн дагы 72 миң сом).

Коңшулардын урушу. Эки кошунанын көчөдөгү жолугушуусу уруш менен коштолуп, мушташ менен уланган. Ошондо жабырлануучу милицияга арыз жазганы баратканда экинчи келиндин күйөөсү аны көзгө урган. Кол көтөргөн эргул аткаминер, болгондо да жетектөөчү кызматта отурат. Сот аны 15 миң сом айыпка жыкты.

Куруучулар. Үй ээси эки жаш жигитти курулуш плитасын орнотуу үчүн жалдаган. Жумушчулар ал ишти "беш күндө бүтүрөбүз" деп сөз берип, бирок иш 12 күнгө созулуп кеткен. Куруучулар кызмат акысын көтөрүү жөнүндө сөз кылганда үй ээси макул болбой койгон. Натыйжада келиндин баш мээси чайкалып, денеси көгала болгон. Айыпталган тарап жабырлануучуга 4 миң сом төлөмөй болду.

Теракт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган... Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим
Базардагы мушташ. Жабырлануучу менен айыпталган аял бир базарда иштеп келген. Күндөрдүн биринде алардын бири жумушка келип баштыгын кошунасынын күркөсүнүн жанына коюп өзүнүн ордун ача баштайт. Күркөнүн алды жабылып калганына ачуусу келген 20 жаштагы кыз сумкаларды ыргытып, түкүрүп да салган. Баштыктын айынан чыккан уруш мушташка айланып, бирөөсүнүн баш мээси чайкалган. Натыйжада айыптуу деп табылган тарап 10 миң сом айып пул төлөп берген.

Фактылар көңүлүңүздү түшүрсө, сууга кулаган автобустагы 24 адамдын өмүрүн сактап калган Нурбек болотов тууралуу окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0