Каскадер, актер жана спортчу катары Нурбек Болотовдун сыйлыктарына сан жок. Ал таэквондо жана кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Голливуд тасмаларында да трюктарды аткарган (маселен, Киану Ривз тартылган "47 жолоочу"). Бирок эң башкысы — ал жүргүнчүлөргө шыкалган кичи автобус дайрага түшүп кеткенде 24 кишини куткарып калган.
Өмүр жолу өзүнчө эле бир Голливуд тасмасы: дарыгерлер бруцеллездун азабынан эркектиктен таярын айтса, жарааттан улам бут булчуңдары сөөктөн дээрлик шылынып калган.
— Келиңиз, маегибизди дал ошол 2007-жылкы окуядан баштайлы. Эсиңиздеби?
— Албетте. Анда мен Нарынга съемкага бараткам. Машине кармаганча үч саат жаанда калдым. Долон ашуусунда жолдо тыгын экен. Нөшөрдөн улам тоодон жолго чоң таш кулап, айдоочу рулду башкара албай, эл шыкалган кичи автобус сууга түшүп кетиптир.
Суунун шары аны агыза жөнөйт. Кудайга шүгүр, унаа суудагы бир ташка такалып, бир капталына оодарылып токтоп калат.
Эл сыртка чыксын деп жүргүнчүлөрдүн бири башы менен айнекти талкалайт. Кызыгы, биринчилерден болуп сыртка эркектер чыгат. Атургай, бир аял сыртка чыккандан кийин гана унаада баласы калганын эстейт. Дагы жакшы, бир бала чумкуп барып, аны алып чыккан.
Жалпы 24 киши, арасында балдар да көп экен. Кичи автобус буркан-шаркан аккан сууга түшүп кетиши мүмкүн эле. Эл оодарылып калган унаанын үстүнө чыгып, ызы-чуу түшүп жатыптыр.
Сапардагылардын бири калың арканын алып келиптир. Бир учун кичи автобуска байлап, экинчисин жээктеги устунга байлашат. Ал аркылуу биринчилерден болуп жээкке жаш жигит өтмөкчү болот.
Жай бою ал атасы менен талаада болочок колуктусуна калың төлөө үчүн иштеп, дал ошол күнү үйлөнүүгө бараткан экен. Анан ал сууга биринчи болуп секирип, көпкө алышып, шайы оойт. Колу-буту керилгендей арканда асылып калды.
Атасы: "акчаны абайла!" деп кыйкырды. Акча эмес, уулунан айрылып калышы ыктымал эле. Жашоодо ый менен күлкү аралаш жүрөт тура…
Ал жалгыз чыга албасын көрүп сууга секирип, аны жээкке чыгардым. Ошондо суунун ушунчалык муздак экенин сездим. Нарында балачагымдан бери сууда сүзүп келген мен үчүн да сөөк какшаткан муздак сезилди! Эптеп жээкке чыгып, машинага жылыныш үчүн олтуруп калдым. Бир киши жаныма басып келип: "Нурбек, сен эмнеге отурасың?! Ал жакта балдар бар, алар өлүп калбайбы" деди.
Арканды байланып, кайрадан сууга кирдим. Кичи автобустун үстүнө чыкканымда мени эркектер тегеректей: "мени биринчи куткар!" деп чатакташканга чейин барышты. Ошондо мен: "токтоткула! Алгач балдар, андан кийин аялдар жана улгайгандарды алып өтөм" деп корс эттим.
Ал арада бир аял өзүнүн үч жашар чүрпөсүн аркасына жашырганын байкадым. Көз алдында алдуу-күчтүү жигит өлүп кала жаздады, анан албетте, ал кызынын коопсуздугу үчүн коркуп жатты.
Жаныма карыя келип: "неберемди куткар, мен го жакында узап кетем, неберем жашасын" деп төрт жашар эркек баланы мага карай жылдырды.
Аны да аркан менен байлап, коркпоосун айтып, сууга секирдик. Нөшөр, катуу агымга карабастан, жээкке тез эле жеттик. Эл кол чаап жиберди.
Наристени эл курчап, далыга, ийнине чапкылап жатышты. Баары бүткөндөй, куткаруу ниетибиз ишке ашпай калды деген ой келди ошол маалда. Демим кыстыгып кетти, аркан денемди кыса берди. Бирок аны кескенге болбойт эле, жалгыз аркан болчу. Бир маалда кубана бакырып калышты, кыздын оозунан суу чыгып, ал дем ала баштаптыр.
Андан кийин мен дагы бир секелекти алып өттүм, анын колунан сөөгү көрүнүп калыптыр. Кызыгы, сумкасын таштагысы келбеди. Анан сумкасы менен куткарууга туура келди. Ошентип 24 кишини алып өттүм. Акыркысы 120 кило салмактагы жигит эле. Ал автобустун үстүнө чыга албай, сууда эки саат бою туруп калган. Андан мурун ичкилик ичкени үчүн гана аман калганын кийин айтып жатпайбы.
— Бир жарым саат сууда калганыңыздын кесепети тийген жокпу?
— Баары съемка жүрүп жаткан жерге жеткенимде башталды. Коньяк ичип алганым үчүн врачтар мага көмөк көрсөтүүдөн баш тартты. Бирок мен эмне кылышты өзүм түшүндүм. Нарындан дарыкана таап, шымдын сыртынан эле өзүмө ийне сайып, уктап калдым.
— Эми башынан баштайлы. Балачагыңыздан баян этсеңиз.
— Атам ысыккөлдүк, апам Нарында төрөлүптүр. Атамдын таасиринен театр, китепке кызыгуум арткан. Ал абдан эрте, 50 жашында өтүп кетти. Агезде 24кө толгон элем. Атам мага 3 миң китеп мурас калтырды.
2-класста окуп жүргөнүмдө аттан жыгылып, алгач ирет жаракат алдым. Бир жарым саатка эс-учумду жоготупмун. Апамдын көз жашы жүзүмө таамп жатканда эсиме келдим, ал мени машина менен ооруканага алып баратыптыр. Ошондон кийин 6-класска чейин башым ооруп жүрдү. Негизи эле аябай көп ооручумун.
— Үч жогорку билимиңиз бар экен, бирок алгач Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктап, зооинженер адистигин алып чыгыпсыз.
— Атам көндүргөн, анткени аны Айтматов аяктаган эмеспи. Бирок ага тапшырганча бир жыл Нарындан 25 чакырым аралыктагы тоодо жүрдүм. Эгин эктим, мал бактым… бруцеллез жуктуруп алдым. Бишкекке келгенимде баса албай, алдан тайып, бүкүрөйүп калгам. Апам мени инфекциялык ооруканадан чыгарчу эмес, кечке ийне сайышчу. Бир ирет чыдабай университетке барыш үчүн ооруканадан качып чыктым. Айдоочу кейпимди көрүп, акча да албады.
Доктурлар 30 жашка чыкканда эркектиктен тайып, тукумсуз болуп каларымды айтышкан. Мени спорт айыктырды. Таэквондо боюнча курама топко кирдим, капитаны болдум, коммерциялык беттештерде мушташтым.
— Спорттон неге кеттиңиз?
— 1999-жылы Канадада өткөн дүйнө чемпиондугуна жараатыма карабай баргам. Ал жакка 156 өлкөдөн спортчулар катышмак, мелдештен баш тарта албадым. Коркок дешпесин деп чочуладым. Жаным сыздаганына карабай өлкөнү да, өзүмдү да уятка калтырбай, 17-орунду ээледим.
Кайтканымда доктурлар дароо бутума гипс таңышты. Бул спорттук карьерамдын соңу экендигин эскертишти. Кийин эт сөөктөн шылына баштаганы анык болуп, спорт менен машыгуума таптакыр тыюу салышты.
— Алардын айтканына көндүңүзбү анан?
— Жок. Шаардык стадионго бара баштадым. Мушкер Илья Мезенцев менен бирге машыкчумун, агезде ал чоң ата болуп калган. Мен бир айлангыча ал алты айланып чыкчу. Ошентип өз калыбыма келдим, 2002-жылы кикбоксинг боюнча өлкө чемпиону аталдым да, спорттогу карьерамды токтоттум.
— Дарыгерлердин балалуу болбойсуң дегени…
— Кеч, 37 жашымда үйлөндүм. Жубайым анда отузга толгон. Улуу уулум тогузда, таэквондо боюнча алтын медалдары бар, Москвада өткөн менталдык арифметика сынагында экинчи орун алды. Ортончу кызым алты, кичүү уулум эки жарымда.
— Киного кандайча аралаштыңыз?
— Чемпиондор Валя жана Тоня Шевченколорду машыктырган Павел Федотов досум чакырган. Голливуддун Марк Дакаскас катышкан "Көчмөн", Киану Ривз ойногон "47 жолоочу" тасмаларына тартылгам. Тимур Бекмамбетовдун "Күндүзгү тозот" киносунда иштедим.
Кыргызстандык тасмаларга тартылам, маселен, Актан Арым Кубаттын "Кентавры". Мен актер жана каскадер катары гана эмес, жандыктар менен иштеп, таймаш сахналарын коем.
— Жаныбарлардын кайсынысы менен иштөө оор?
Мал доктурлар тегин жерден уйду эң кооптуу айыл чарба жандыгы дешпейт. Маселен жылкынын нааразылыгын алдын ала байкай аласың, ал эми уй тээп же челип салышы ыктымал. Биздин мал доктурлардын көбү көзүнөн же тизесиндеги чулу сөөгүнөн жөн жерден айрылбайт.
Топоз андан да каардуу, андан да ыкчам. Килейген бир эркек топоз жылкынын кардын жарганын өз көзүм менен көргөм. Тасмага 5 жандык даярдамакмын. Ар бири менен күрөшүп, үйүрдүн кол башчысы мен экендигимди далилдөөгө аргасыз болдум. Аларды аттардай кылып тасма аянтына айдап келгеним эсимде. Адамдарды көргөндө аркама жашына калышты. Аябай күлкүлүү көрүнөт экен. Бир жолкусунда буйрук менен кыйкыра тургандай кылып, каздарды даярдоомду өтүнүштү.
— Каздарды?!
— Зооинженердин билими мага жардам берди. Атайын түрүн тандап, эркек, ургаачыларынын санына да карап тандадым. Атургай, аарыларды да тасмага даярдоого болот. Өз кесиптик сырларым бар.
— Эң татаал кандай трюк аткаргансыз?
— Эч нерсе кылбай отуруу. Менин ишимде 2-3 саат бою суукта да, ысыкта да толук кийимчен, курал-жаракчан тикеден тик турууга аргасыз учурлар көп. Эң татаалы да ушул. Негизи эле киного акча үчүн барган болбойт. Ишине берилбегендер мындай иште көпкө кармала алышпайт.