00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада 5-кабаттан кулаган кыргызстандык келин оор абалда. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Дмитрий Степанов / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен аялдын эки буту жана жамбашы сынып кеткен

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык Жаркынай Юсупова 5-кабаттан кулап кетип оор жаракат алды. Ал ооруканага жаткырылып алгачкы ирет операция жасалган. Бул тууралуу жарандык активисттердин кайрылуусунан улам маалым болду.

Учурда ага дагы операция жасоо үчүн 300 миң рубль керектелет. Анын мындай каражатты табууга чамасы жетпегендиктен коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жабыркаган келиндин өзү менен байланышканда кырсык 1-январь күнү өзү жашаган үйдө болгонун билдирди.

"Үйдүн терезеси ачык турган. Анан парданы оңдоп коёюн деп терезеге чыккам. Кайра түшөйүн деп жатканда бутуп тайып кулап кеттим. Кырсыктын кесепетинен эки бутум, жамбашым сынып кетиптир. Азыр операция жасоого 300 миң рубль сурап жатышат. Ошол жактан жардам болсо, калган дары-дармекке кеткен акчаны өзүбүз тапмакпыз", — деди бейтап.

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Эсил кайран бир боорум! Бир жылда 238 кыргызстандык чет жактан ажал тапкан
30 жаштагы Юсупова Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынан болот. 5-класста окуган жалгыз кызы бар.

"Москвада жакын туугандарым деле жок. Бул жакта орус кемпир менен бирге жашап жаткам. Окуя болгон күнү үйдө жалгыз болчумун. Кыргызстандан апам келип жанымда карап жатат. Ден соолугум жакшырса мекенибизге барып дарыланмакмын", — деди Юсупова.

Ал 2007-жылдан бери Москвага барып келип эмгектенип жүргөн. Акыркы убакта кыргыздар иштеткен кафеде иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0