БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунун "Ала-Тоо" совхозу" аймагынан батышты көздөй бара жаткан унаа бакты сүзгөндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, ак түстөгү унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн.
"Бир адам ошол жерден жан берип, экинчисин Тез жардам алып кетти", — деди күбө.
Чүй облустук Кайгуул милициясынан аталган аймакта жол кырсыгы болгондугун тастыктап, жерине ыкчам иликтөө тобу кеткенин билдиришти.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.