Чак түштө окуучу кызды зордуктоого аракет кылган киши. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКызды ийининен кармап турган адам. Архив
Кызды ийининен кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундардын айтымында, элдин кыжырын келтирген окуя чаламандын чак түшүндө эле болгон. Шектүү камалып, сотко өткөн кылмыш иши жөнүндө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен барып билип келди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылына караштуу жаңы конушта окуучу кызды зордуктоого аракет кылган кишинин окуясы ушул жылдын апрель айынын башында болгон.

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоодон запкы тарткан бөбөктөр. Кыргызстанда балдарды эмнеден коргоо керек
Айылдаштырдын айтымында, шектүү катары кармалган адам дүкөнгө нанга кеткен кызды жолдон кармап, эч ким жашабаган үйгө сүйрөп кирип кеткен. Кыздын кыйкырыгын угуп калган кошунасы өспүрүм кызды куткарып калып, шектүүнү колго түшүрүлгөн.

Видеодо жергиликтүү тургундар кармалган шектүү кишини ортого алып, ур-тепкиге алганы көрүнүп турат.

Күбөлөрдүн бири Супатай Жаманкуловдун айтымында, шектүү киши кызга күндүз эле дүкөндөн келе жаткан маалда кол салган.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан аталган факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү камакка алынганын билдиришти. Аталган башкармалыктын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосуновдун айтымында, азыр кылмыш иши сотко өткөрүлдү.

"2017-жылдын 3-апрелде кечки саат 5-4 чамаларында мектеп окуучусун зордуктоого аракет кылган жарандын кармалышы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкери жергиликтүүлөр тарабынан колунан байланып отурган 20-25 жаштардагы кишини көрүшкөн. Анда шектүү мас абалында болуп, жанынан бычак табылган. Ал милиция кызматкерлеринин колуна өткөрүп берилген. Аталган факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 28 жана 129-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иш Сокулук райондук сотуна жиберилди, — деди Токтосунов.

Учурда 33 жаштагы шектүү камакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0