Жашоодон запкы тарткан бөбөктөр. Кыргызстанда балдарды эмнеден коргоо керек

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүӨспүрүм. Архив
Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул макалада тагдырдын оор сыноосуна кабылган балдардын окуясы чагылдырылган.

Бүгүн Кыргызстанда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип жатат.

Бул материалда зулумдуктан корголбой калган кичинекей кыргызстандыктардын тарыхы баяндалат.

Ата-энесине таарынып асынып калган бала

Айжан Бекова мындан беш жыл мурун баласынан айрылып калган. Искендер быйыл жайында болгону 22 жашка чыкмак, окуу жайды аяктамак…

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
11 жашар кызымды зордуктоого аракет кылды! Күйөөдөн айтпаган келиндердин тагдыры
Ошол күнү таң атпай эне-бала окуудагы кемчиликтер боюнча катуу уруша кетишкен. Искендер экинчи бөбөк күтүп жаткан ата-энесине нааразы болуп, өзүнүн экинчи планда калып жатканын айта берчү. Азыр эле ага көңүл бурулбай жатканын айткан бала наристе төрөлсө ал таптакыр унутулуп калат деп ойлочу экен. Апасынан боюнан алдырып салуусун талап кылган уулун заар сөзгө чыдабаган эне жаактан ары бир чабат. Эртеси досунун үйүндө каларын айткан өспүрүмдүн сөөгү табылат. Катында энесинен кечирим сураган экен…

Ошол күнү аял эки баласынан ажырайт, стресске кабылган келиндин боюнан түшүп калган.

Ушу кезге чейин Айжан күйөөсү Таштан экөө баласынын өлүмүнө өздөрүн күнөөлөп келишет. Искендердин өлүмүнөн кийин жубайлар бир жылдай психологго барып жүрүп, акыры ажырашып тынышкан.

Статистика акыркы бир жарым жыл ичинде жүздөгөн бала жанын кыйганын аныктады. Кыргыз милициясы төрт күндө бир жолу бир өспүрүм өз өмүрүнө кол саларын белгилейт.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын психиатрия жана наркология кафедрасынын башчысы Татьяна Галко өспүрүмдөр суицидге бул тууралуу маалыматы жоктугунан барарын айтты.

Дарыгер өспүрүмдөр менен балдар майда-чүйдөдөн деле жанын кыйышы мүмкүн экенин белгиледи. Өлүм деген эмне экенин, андан ары эч нерсе жок экенин анча аңдай беришпейт. Адатта мындай чечим дароо кабыл алынат.

© Фото / Таштан Бейшеев2011-жылдын 13-июнунда жоголуп кеткен Шабдан
Пропавший 13 июня 2011 года Шабдан - Sputnik Кыргызстан
2011-жылдын 13-июнунда жоголуп кеткен Шабдан

Алты жыл мурун уурдалган бала азыркыга чейин изделүүдө

Таштан Бейшеев уулун алты жылдан бери издеп келет. Акыркы жолу Эрмекти атасы 2011-жылы көргөн. 2017-жылы уулу 7ге чыкмак.

Ал күнү наристе көк топу, өңү ачык свитер жана жашыл чыптама кийип жүргөн.

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
Короодо ойноп жүргөн Шабдандын ата-энеси уй саап келүү үчүн короого киришет. Кайра келсе эле бала жок, болгону оюнчуктары ар кайсы жерде жаткан болот. Сууга чуркашат, бирок издөөдөн эч майнап чыкпайт.

Нарындын Сары-Булак айылынын жашоочулары Шабданга окшош баланы атчан аял алып кетип баратканын көргөндөрүн айтышкан.

Акыркы ирет алты жыл мурун көргөн уулун ата-энеси дагы деле үмүт өчүрбөй издеп келишет.

Кыргызстанда жылына 600гө чукул бала жоголот. Алардын дээрлик 90 пайызы табылып, ата-энелерине кайтарылат.

Бирок 2001-жылдан ушул күнгө чейин 38 наристе табылбай, ата-энени кан какшатып келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаристе кызды колунан жетелеп бара жаткан киши
Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Наристе кызды колунан жетелеп бара жаткан киши

3 жашар кызды скотчтоп зордуктаган зөөкүр

Малика (аты өзгөртүлдү ред.) ал кезде болгону үч жашта болчу. Үйгө үй-бүлөнүн жакын досу келет. Бир аздан кийин ар ким өз иши менен кетет да, Малика агасы менен калат.

Бала кармаган эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялзат үнү: ала качтырган таеже, тебеленген тагдыр
Атасынын досу үйдөгүлөрдүн кеткенин акмалап турат да, үйгө кирип Маликаны алып кетет. Токойго алып барып, скотч менен чырмап туруп зордуктап, ошол жерге таштап баса берет.

Наристени токойдун жанынан өтүп бараткан жолоочулар таап алып, ооруканага алып барышат. Оор абалдагы бөбөккө бир нече ирет операция жасалат.

Милиция зөөкүрдүн изине түшүп, көп өтпөй аны кармаган. Учурда ал түрмөдө жазасын өтөп жатат. Ал эми жабыркаган кыз байма бай психологдор менен иштешүүгө аргасыз.

Укук коргоо органдары берген маалымат боюнча 2016-жылдын жыйынтыгы менен жүздөн ашуун бала зордуктоого туш болгон.

"Сезим" кризистик борборунун психологу Гүлмира Тюлекееванын айтымында, балдар көбүнесе жакын адамдарынан жабыр тартат.

Адис өз балдарына дыкат көңүл бөлүүгө, курчап турган адамдарды көздөн өткөрүп турууга чакырат.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды жайда иштеген балдар
Городская свалка Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Таштанды жайда иштеген балдар

Таштандынын балдары

Айбек 12 жашта. Ал бир жылдан бери таштанды иргеп, акыр-чикир төгүлчү жерде иштейт. Кошуна балдар бул жерден күнүгө 200 сомго чейин тапса болорун үйрөтүп коюшкан.

Бала жакыр үй-бүлөдө жашайт, үч баланын ата-энеси базарда эмгектенет. Акча жетишпейт.

Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар - Sputnik Кыргызстан
Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
Таштанды жайга Айбек биринчи жолу мектептен кийин келип, өзүнүн алгачкы иш акысы 60 сомун алган. Атасына берип, мындан ары жардам берерин айтканы менен акчаны кантип таап жатканын оозунан чыгарган эмес.

Бүгүнкү күндө Айбек мектепке айына эки жолу барып, калган убактысынын баарын таштанды жайында өткөрөт.

Өспүрүм бул жерден күнүгө 50 килограммдан ашуун таштандыны иргейт. Мектепке баруунун кажети деле жок деген Айбек күн сайын 100 сомдон 200 сомго чейин акча таап алат.

Ушу тапта таштанды жайында ондон ашуун жашы жете элек бала иштейт."Кыргызстандагы иштеген балдар. Балдар эмгегин иликтөө 2014-2015" иликтөөсүнүн жыйынтыгында ар бир үчүнчү бала тыюу салынганына карабай ишке тартылганы белгилүү болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаа айдап бараткан киши
Случаи наезда на автомобиле - Sputnik Кыргызстан
Унаа айдап бараткан киши

Окуучуну коюп кеткен айдоочу бир жылдан кийин жол кырсыгынан каза болгон

Елена менен Владимир Шульгиндердин уулу беш жыл мурун маршрутканын алдында калып каза болгон. Андрейди мектептен үйгө карай жол чийинден өтүп баратканда маршрутка коюп кеткен. Бала ооруканага бараткан жолдо Тез жардам унаасынан көз жумган.

Айдоочу кан жутуп отурган ата-энеден чөгөлөп кечирим сурап, иш козголгон эмес. Бир жылдан кийин уулунун өмүрүнө забын болгон айдоочу өзү да жол кырсыгынан каза болгонун билишти.

Дагы бир жылдан кийин Владимир да дөңгөлөк алдында калып набыт болот.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларынын аралыгында өлкө аймагында 1684 жол кырсыгы катталса, андан 144 чоң киши жана 11 бала каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0