Жер көчкүдөн 4 жашар кыздын сөөгү табылды. Издөө эртеңкиге чейин токтоду

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход оползня в селе Аюу Узгенского района
Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулгандыгын, ал эртең, 3-майда улантылаарын билдирди.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Жер көчкү басып калган Аюу айылынын тургундарынын сөөгүн издөөдө төрт жаштагы кыздын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзгөн: артымды карасам үй жок, баарынан айрылдым! Күйүткө баткандардын ыйы - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: артымды карасам үй жок, баарынан айрылдым! Күйүткө баткандардын ыйы
Эске салсак, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Көчкү алдында калган он бир турак жайдын бирөөндө эч ким жашаган эмес.

Адистердин айтымында, көчкүнүн бийиктиги болжол менен 4,5-5 метрди түзөт.

30-апрелде түш ченде 12 жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган.

Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.

"Саат 18:45те 39 жаштагы, ал эми 19:55те төрт жашар кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", — деп кабарлады маалымат кызматы.

ӨКМ түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулгандыгын, ал эртең, 3-майда улантылаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0