Таласта эки жыл бою карындашын зордуктап жүргөн жаран 22 жылга кесилди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте фигурантов дела об убийстве Б.Немцова
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте фигурантов дела об убийстве Б.Немцова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер өспүрүм кызды үйүндө чоң ата, чоң апасы жана атасы жоктугунан пайдаланып, күч колдонуп зордуктап жүргөн деп айыпталган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ключевка айылында эки жыл бою жакын туугандарынан болгон кызды зордуктап жүргөн Эрлан Дөлөнов 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Жогорку соттон билдиришти.

Молоток судьи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар Даниелди өлтүрдү деп шектелген аял 25 жылга кесилди
Эскерте кетсек, окуя мындан эки жыл мурун, 2015-жылы болгон. Кыздын жакындарынын арызынын негизинде ишти караган райондук жана облустук сот Дөлөновду шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Ага нааразы болгон жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылып, өкүм жокко чыгарылган да, иш кайра облустук соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Маалыматта кылмышкер кызды үйүндө чоң ата, чоң апасы жана атасы жоктугунан пайдаланып, күч колдонуп, басынтып, коркутуп зордуктап жүргөн деп айыпталганы айтылат.

Өкүмгө ылайык, Дөлөнов жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0