Ош ШИИБ: таанышын өлтүрүп, сөөгүн көөмп, изин жашыргандар кармалды

© flickr.com / Kelly SikkemaКүрөк. Архив
Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрына караган түнү Оштун четиндеги Жапалак айылынын 22 жаштагы тургуну түндө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 22 жаштагы жигитти өлтүрүп, сөөгүн Кең-Сай конушуна көөмп, изин жашыргандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте адам өлтүрдү деген шек менен эки жигит кармалды
Маалыматка караганда, Ош шаардык ИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери эки ай мурун өлтүрүлүп, сөөгү Кең-Сай айылына көмүлгөн адамдын ким экендигин аныкташты. Бул кылмышка шектүү жарандар да кармалды. 

Быйылкы жылдын 4-сентябрынан 5ине караган түнү калаа четиндеги Жапалак айылынын 22 жаштагы тургуну Нурсултан Насиров 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгына 13-сентябрда жакындары арыз менен кайрылышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте аталган жаранды издөөгө алган. 

Маркумдун сөөгү ушул жылдын 10-октябрында табылган. 

"Сөөк табылган учурда чирий баштаган экен. Иликтөө учурунда маркумду өлтүрүүгө шектүүлөр өзүнүн эле тааныштары экендиги аныкталды", — деп билдирди Сыдыков.

20-ноябрда шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"1994-жылы туулган К.Б. аттуу жаран маркумду уруп өлтүрүп алганын, андан соң 22 жаштагы эки жана 23 жаштагы бир жолдошу "Тико" үлгүсүндөгү унаада сөөктү Кең-Сай аймагына алып барып көмгөндүктөрүн айтып берген. Шектүү катары кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышты. Алар маркум Насировду пикир келишпестиктен улам өлтүрүп коюшкан", — деп билдирди Ош шаардык ИИБ өкүлү. 

Бүгүн Ош шаардык соту кармалган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0