00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Үй бүлөдө балдарды гендердик бөлүп тарбиялоо маанилүүбү?
17:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как накопить на первоначальный взнос и приобрести жилье от ГИК - о программе "Накопительная ипотека"
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Туяк
Кененсары эки бөйрөгүн суурутуп алса да “кыңк” дебей кармашкан Жаманкара баатыр
19:10
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Юруслан Тойчубековдун баласы алдамчылыкка шектелип кармалды

© пресс-служба ЖК КРМамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков. Архив
Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековдун баласы россиялык банктар менен байланышкан алдамчылык иштерге катыштыгы бар делинүүдө.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековдун баласы Тимур Тойчубеков кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тимур Тойчубековду кармоо Интерполдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн суранычы менен ишке ашкан. Ал россиялык банктардын биринен ири суммада мыйзамсыз акча алган деп шектелүүдө.

Лотерея билети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лотерея "лохотронбу" же депутаттар кумар оюнуна чекит коёбу?
Шектелген Тойчубеков өзүнүн фирмасынын жетекчиси катары башка фирма менен биргеликте банктан 12 пайыздык үстөк менен 500 миң доллар насыя алууда ачык акционердик коомдун жер тилкесин жана акцияларын күрөөгө койгон.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, эки фирманын жетекчилери акчаны алары менен насыя боюнча келишим мыйзамсыз деген Бишкек райондор аралык соттун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберген.

Учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Тимур Тойчубековдун атасы Юруслан Тойчубеков "Элдик лотереяга" байланышкан чырдан улам былтыр жайында Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчилигинен бошотулган. Тойчубековдун жактоочусу ал чет жакка дарыланганы кеткенден кийин кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0