БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. "Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө КР мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анда өлкө аймагындагы бардык лотерея компанияларын жаап салуу сунушталып жатат.
Мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Бакыт Жетигенов лотерея компанияларын "лохотрон" деп атап, керек болсо коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлүп жаткан оюн дагы элди алдап жатканын айтты.
"Теле аркылуу баланча кир жуугуч, унаа утту дегендин бардыгы "лохотрон". Жарнамага акча төлөп коюп элди алдап жатышат. Дүйнөлүк практикада 40 пайыздан жогору утуш болуш керек. Бизде болсо бир пайызга жетпеген утуштар болуп жатат. Мындайды токтуу үчүн такыр эле тыюу салыш керек", — дейт Жетигенов.
Анын айтуусунда, керектөөчүлөрдүн укуктары мыйзам менен корголгон. Бирок, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы баш болуп аларды калкалап жаткандыктан, ушундай иштер болуп жатканын кошумчалады.
Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Санжар Мукамбетовго кайрылганда, ал депутаттын сөзүн төгүндөп, өлкө аймагындагы лотереялардын бардыгы көзөмөлдө экенин билдирди.
"Бизде 25 лотереялык компания бар. Алар тираждык, электрондук, айкалыштырылган, кызыктыруучу, тез жана онлайн деп бөлүнөт. Компаниялардын түйүндөрү 100гө чукул. Алардын 80ни Бишкекте калганы Чүй менен Ошто жайгашкан. Бардыгынын лицензиялары бар. Мыйзам боюнча 50 пайыздан 75 пайызга чейин утуш коюлушу керек. Анын аткарылышын биз көзөмөлгө алганбыз", — дейт Мукамбетов.
Ал эми коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков теле аркылуу көрсөтүлүп жаткан лотерея элди алдаганы же алдабаганы каналдын компетенциясына кирбей тургандыгын билдирди.
"Алар коммерциялык убакытты сатып алып эфирге чыгышат. Ал эми лотереяны кантип, кандай өткөрүп жаткандыгы, алдаганы же алдабаганы биздин компетенцияга кирбейт", — деди Карыпбеков.
Мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Төрөбай Зулпукаров лотерея компанияларын жаптыруунун дагы бир себеби "Лотерея" деген аталыш менен казино, букмекерлер иштеп жатканын айтты.
"Парламент 2012-жылы казинолордун ишмердүүлүгүн токтоткону менен букмекерлер ачылып, кайра эле кумар оюндары уланган. Анан букмекерлерди 2015-жылы жаптырып тынсак, эми "лотерея" деп ачылган түйүндөр казинонун тартиби менен иш алып барып жатат. Мунун негизинде эми лотереяны дагы жаптыруу сунушун берип жатабыз", — деди Зулпукаров.
Анын айтуусунда, өкмөт бардык лотереяларды жаптырып мамлекеттик "Маданият лото" менен "Спорт лото" ачууну сунуштап жатат.
"Өкмөттүн сунушун мыйзам демилгечилери колдоп жатабыз. Себеби, алар тираждык лотерея түзүшөт. Тагыраагы, уткан билет сатылбай калган деген шылтоолор колдонулбайт. Бардык билеттер сатылгандан кийин, оюн жүрүп утуштар өз ээлерине берилет", — деп кошумчалады депутат.
Анын айтуусунда, "Спорт лотодон" түшкөн каржы спорт тармагына, "Маданият лотодон" түшкөн каражат маданият тармагына жумшалат.
Бишкек шаар тургуну Асылбек Артыков мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, керек болсо мамлекеттик лотолорду уюштуруунун кереги жок экенин айтты.
"Азыркы мыйзам долбоорду колдойм. Бирок, бардыгын жаап кайра мамлекеттик деген ат менен ачып койгон туура эмес го. Айткым келгени, башкалар уюштурса "кумар оюну", мамлекет уюштурса андай болбой калабы? Диний жактан алганда дагы туура эмес болуп калат. Себеби, динде бардык кумар оюндарына тыюу салынган да. Депутаттар өздөрү деле намазка жыгылып жүрүшөт. Мындай көрүнүшкө жол бербейт деп ойлойм", — дейт шаар тургуну.
Психолог Леонид Соболев лотерея оюну кумар оюнуна кирерин тастыктады.
"Лотерея кумар оюнуна кирет. Анткени, акча утууга үмүттөнгөн адам акыркы акчасына билет ала бериши ыктымал. Бирок, лотерея казино сыяктуу адам өмүрүнө чоң зыян алып келбейт. Анткени, Кыргызстандагы лотереялар чет өлкөдөгүдөй миллиондогон АКШ долларын ойнотушпайт", — дейт Соболев.
ИИМ тарабынан лотерея багытында аныкталган мыйзам бузуу фактылары:
- "Райдер Ассошиэйтс Лтд" компаниясынын филиалына (компания Виргин аралдарында катталган) лотереянын ар кандай түрлөрүн өткөрүү укугуна Күбөлүк берилген. Бирок, алар юридикалык жак катары катталган эмес. 2009-жылдын 30-апрелдериндеги "Лотереялар жөнүндө" мыйзамына ылайык өлкө аймагында катталган юридикалык жак гана лотереяны уюштуруучу боло алат. Буга ылайык, алардын жүргүзгөн ишмердүүлүгү мыйзамсыз болуп эсептелет. Аталган фактыга Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
- Сатылбай калган билеттердин арасында болгон деген шылтоо менен, ири сумма ойнотулганда башкы байгени уткан адамды аныктабастан, лотереянын катышуучуларынын укуктарынын кепилдиктерин бузган иштер бар. Бул факт боюнча 2014-жылы өкмөткө караштуу Мамфинкөзөмөл тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн, анын натыйжалары боюнча компанияга карата100 миң сом суммасындагы айып түрүндө администрациялык жаза чаралары колдонулган жана башкы байгени ойнотууга милдеттендирилген.
- 2013-жылы 30 жазык иши козголгон, алардын ичинен 26сы сотко жөнөтүлгөн, төрт жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган. 2014-жылы 12 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен алтоосу сотко жөнөтүлсө, эки жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган дагы эки иш тергелип жатса, экөөсү токтотулган.
- 2013-жылы лотерея ишине байланыштуу киши өлтүрүү жана өз жанын кыюу фактылары катталган эмес, бирок 2014-жылы өз жанын кыюу аракеттеринин фактылары болгон.
Эске салсак, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков "Элдик лотерея" аталган компаниясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү менен өлкө бюджетине 31 миллион сом зыян алып келгени аныкталган. Юруслан Тойчубеков мамлекеттен чыгып кетип, бүгүнкү күнгө чейин кармала элек.