Адвокат: Юруслан Тойчубеков дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен

© пресс-служба ЖК КРЮруслан Тойчубеков. Архив
Юруслан Тойчубеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юруслан Тойчубеков укук коргоо органдары издөө жарыялангандан 3-4 күн мурун эле дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин анын жактоочусу билдирди.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Юруслан Тойчубеков чет өлкөдө дарыланып жатканын анын адвокаты Акин Токталиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

ИИМ: Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланды
Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков өлкө бюджетине 30 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы билдирген.

Тойчубеков "Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Тойчубековдун кайда экени белгисиз болгондуктан ИИМ ага издөө жарыялаган. 

Токталиев Тойчубеков Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кылмыш иши козголгонун айтат. 

"Ал бул жакта жүргөндө кылмыш иши козголбой, дарылануу үчүн сыртка чыгып кеткенден кийин козголуп жатат. Аны мамлекетке киргизбеш үчүн кылмыш ишин козгошту", — деди ал.

Адвокаттын айтымында, Тойчубеков дарылануу үчүн кетип баратканын тийиштүү органдарга алдын ала билдирген. 

"Аны 30 миллион сомду жеп алды деген айыптоо суу кечпейт.Эгер Тойчубеков ал акчаны жеп алса, анда хан сарай курмак да, азыр ал үч бөлмөлүү эле өкмөт курган үйдө жашайт", — дейт адвокат.

ИИМ: Тойчубеков бюджетке 31 млн. сом зыян келтирген
Тийиштүү укук коргоо органдары далилсиз ушак таратканы үчүн сотко кайрыла тургандыктарын кошумчалады.

ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда "Элдик лотерея" оюндарын өткөргөн "Райдер Эссошиэйтед Лимитед" компаниясынын өкүлдөрү Тойчубеков менен көмүскө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган компанияга лотерея оюндарын өткөрүү үчүн мыйзамсыз уруксат берип, бюджетке төлөнүүчү төлөмдөрдөн бошоткон.

Аталган компания лотерея жөнүндө мыйзамга ылайык кирешенин 10 пайызын бюджетке төлөгөн эмес. Натыйжада бюджет 31,5 миллион сомдон куру калган.

"Райдер Эссошиэйтед Лимитед" компаниясы 2013-жылдын январь айында филиалын ачып, "Элдик лотерея" брендинин негизинде иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0