Дубайлык компания Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун курууга кызыкдар

© AFP / BORIS HORVATМейманкана. Архив
Мейманкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков эмирликтин компаниялары менен кызматташуу жана Кыргызстанга инвестиция салуу маселелерин талкуулады

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Дубайдагы ири компаниянын аткаруучу директору Факер Абдельмуин Аль-Шаваф Бишкекке мейманкана жана бизнес борбор курууга кызыкдар экенин өкмөт башчы Сапар Исаков Facebook баракчасына жазды.

Премьер-министр "Аль Мулла групп" жана "Аль Бауани" компанияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташуу жана Кыргызстанга инвестиция салуу маселелерин талкуулады.

"Факер Абдельмуин Аль-Шаваф мырза Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун куруу оюн айтты. Жакын арада борбор калаага келе турган эксперттердин деңгээлинде ишти улантмай болдук", — деп жазды Исаков.

Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Дубайдын банкирлери КРге инвестиция салуу мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр
Эскерте кетсек, премьер-министр 10-февраль күнү Дубай шаарында өтчү өкмөттөр аралык дүйнөлүк алтынчы саммитке жөнөп кеткен. Саммитке 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөт мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин иш-чаранын алкагында Дубай полициясы Исаковго Кыргызстанда ишке ашканы жаткан "Акылдуу шаар" долбоорунун анологун кандай иштетип жатканын көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0