Дубай полициясына суктанган Сапар Исаков, оозду ачырган "Көз" долбоору

© Sputnik / Айида БатырбековаВсемирный саммит правительств в Дубае
Всемирный саммит правительств в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммитке 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөт мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү укук коргоо, саламаттык сактоо, инвестиция жаатында тажрыйба алмашат

ДУБАЙ, 11-фев. – Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинин Дубай шаарында өкмөттөр аралык дүйнөлүк алтынчы саммит өтүп жатат. Кыргызстандын атынан премьер-министр Сапар Исаков жетектеген делегация келген.

© Sputnik / Айида БатырбековаДубай полициясы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөргөндөн кийин Сапар Исаков атайын китепчеге каалоо-тилек калтырды
Дубай полициясы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөргөндөн кийин Сапар Исаков атайын китепчеге каалоо-тилек калтырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Дубай полициясы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөргөндөн кийин Сапар Исаков атайын китепчеге каалоо-тилек калтырды
© Sputnik / Айида БатырбековаДубай полициясынын башкы кеңсеси
Дубай полициясынын башкы кеңсеси - Sputnik Кыргызстан
2/4
Дубай полициясынын башкы кеңсеси
© Sputnik / Айида БатырбековаПолиция кызматкерлери ушул жерден күнү-түнү калааны онлайн режимде көзөмөлдөп турат
Полиция кызматкерлери ушул жерден күнү-түнү калааны онлайн режимде көзөмөлдөп турат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Полиция кызматкерлери ушул жерден күнү-түнү калааны онлайн режимде көзөмөлдөп турат
© Sputnik / Айида БатырбековаДубай полициясынын башчысы, генерал майор Абдулла Халиф Аль Марри өзүнүн командасы менен биргеликте ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорун кенен айтып берди.
Дубай полициясынын башчысы, генерал майор Абдулла Халиф Аль Марри өзүнүн командасы менен биргеликте ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорун кенен айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Дубай полициясынын башчысы, генерал майор Абдулла Халиф Аль Марри өзүнүн командасы менен биргеликте ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорун кенен айтып берди.
1/4
Дубай полициясы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөргөндөн кийин Сапар Исаков атайын китепчеге каалоо-тилек калтырды
2/4
Дубай полициясынын башкы кеңсеси
3/4
Полиция кызматкерлери ушул жерден күнү-түнү калааны онлайн режимде көзөмөлдөп турат
4/4
Дубай полициясынын башчысы, генерал майор Абдулла Халиф Аль Марри өзүнүн командасы менен биргеликте ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорун кенен айтып берди.

10-февралда башталган иш-чара бүгүн күн соңунда аяктайт. Саммитке 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөт мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Алар укук коргоо, саламаттык сактоо, инвестиция жаатында, дегеле мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүсүн инновациялык жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча тажрыйба алмашууну көздөшүүдө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы 10-февраль күнү бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө жетишти. Өзгөчө басым Дубай полициясы Кыргызстанда ишке ашканы жаткан "Акылдуу шаар" долбоорунун аналогун кандай иштетип жатканына жасалды.

Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Дубайдын банкирлери КРге инвестиция салуу мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр
Дубай полициясынын башчысы, генерал майор Абдулла Халиф Аль Марри өзүнүн командасы менен биргеликте ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорун кенен айтып берди. Презентацияга өзү күбө болгон өкмөт башчы Сапар Исаков аткарылган ишке суктанып жатканын жашырган жок.

Дубай полициясы элге көрсөтүп жаткан кызматтарын кыргыз делегациясына айтып берди.

• Дубай полициясынын башкаруу борбору шаарга коюлган сегиз миң камера, дрон, кошумча мобилдик жабдыктар жана спутник аркылуу күнү-түнү шаардын көчөлөрүн көзөмөлдөп турат. Жабдыктардагы маалыматтар автоматтык түрдө эреженин бузулушун аныктап, жарандардын жүзүн тааный алат. Ошондой эле полиция камералардын жардамы менен Тез жардам болобу, ӨКМдин унаалары болобу же жөн гана айдоочу болобу, учурда кайсы көчөдө турганын атай алат.

• Дубайда Dubai Polis көп функциялуу тиркемеси аркылуу жарандар айып пулдарын төлөп, кырсык, кылмышкерлер тууралуу полицияга кабар бере алат. Ошондой эле тийиштүү кеп-кеңеш дагы ала алышат. Бул тиркемени учурда 2 миллионго жакын адам колдонот.

• SOS кызматы. Жогоруда аталган тиркемеде жарандар үчүн SOS кызматы иштейт. Кооптуу жагдайга кабылган жаран ошол кнопканы басып койсо, полиция жаран учурда каерде турганын аныктап тез жетип барат.

Презентация компании Huawei Technologies в Париже - Sputnik Кыргызстан
Huawei Кытайдын аскери менен байланыштабы? "Акылдуу шаар" курчу ишкана тууралуу
• "Айдоо режими" же "кырсыктын алдын алуу" сервиси. Полиция башчысы өткөн жылы Дубайда 240 миңге жакын жол кырсыгы катталгандыктан бул сервистин мааниси зор экенин белгиледи. Анын айтымында, эгер айдоочу кетип бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталган болсо, анын уюлдук аппаратына кырсык тууралуу билдирме келип түшөт дагы, ага башка альтернативдүү жолдор сунушталат.

• Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду айдоочу тиркемеге үн менен, тагыраагы, сүйлөп команда берип төлөй алат. Үн командалары жасалма интеллектинин жардамы менен кабыл алынып, иштетилет.

• "Акылдуу полиция" (Smart Police Station) участогуна келген жаран полиция кызматкерин күтүп отурбастан, санариптик монитор аркылуу эле арызын таштап кете берет. Мындай кызматтардын арты менен элден келген арыздардын 80 пайызы онлайн түшүп, полиция бюрократияны жараткан кагаздан арылган.

• "Көз" долбоору. Бул программа кылмыш качан жана кайсы аймакта болушу мүмкүн экенин аныктайт. Өткөн жылдардагы статистика программанын 60 пайыз анализи туура чыкканын көрсөткөн. Аталган программа шаардын кайсы көчөлөрүндө полициянын көптүгүнө, күмөндүү жагдайларга "көңүлүн буруп" ошонун негизинде алдын ала кайсы жерде кылмыш болушу мүмкүндүгүн айтып берет.

Дубай полициясынын презентация учурунда берген маалыматына караганда, ушундай сыяктуу кызматтардын саны 90дон ашат. Дубайда жарандары жоголуп кеткен өлкөнүн өкүлчүлүктөрү жергиликтүү полицияга онлайн аркылуу түз кайрыла алары белгиленди.

Мындай мамлекеттик кызматттарга кызыккан Сапар Исаков алардын тажрыйбасы Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууда өтө маанилүү экенин билдирди. Дубай тарап өз учурунда Кыргызстан тажрыйбага муктаж болсо адистерди жиберүүгө даяр экенин айтты. Ал эми өкмөт башчы жакынкы аралыкта Дубай полициясынын башчысына жана анын командасына расмий чакыруу жиберерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0