Ата-бабадан келе жаткан сөйкө салуу, куда түшүү жөрөлгөлөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жазуучу, этнопедогог Абдыкерим Муратов айтып берди.
Куда түшүү каадасы
Сөйкө салуу шааниси
Сөйкө салуу салты куда түшүп барган тараптар бири-бири менен макулдашкандан кийин ишке ашат. Алгач ата-энелер бир күндү белгилеп, анча деле шаан-шөкөт менен коштолбойт. Сөйкө салуу салты – кыз баланын үйүндө аткарылуучу жөрөлгө. Бул күнү жигит тараптан эки-үч аял келип, кыздын кулагына сөйкө салып кетет. Иймекти баланын чоң энеси, таенеси, апасы же алар жок болсо, алардын ордун баса турган башка туугандары тагат. Негизи мурда көпчүлүк учурда күмүш сөйкө салынса, азыр алтын сөйкө салып алып кетишүүдө. Эгер кызга сөйкөнү өтө кичине кезинде салган болсо, жашына ылайык жаңыртып туруу салты да бар.
Сөйкө салуу — энчилеп коюубу?
Негизи салт боюнча көпчүлүк кыздарга сөйкө бой жетип калганда салынат да, сөйкө салынган кыз башка бир үй-бүлөнүн энчисине айланган сыяктуу өзүн башка беш көкүл кыздарга караганда токтоо кармап калат.
Кызды сөзсүз сөйкө салып, куда түшүп алып кетүү керекпи?
Кызды сөйкө салбай, куда түшпөй деле алып кеткендер арабызда аз эмес. Бирок элдик нарк боюнча кыз бала башка бирөөнүн аздектеп чоңойткон баласы болгондуктан, аны баалап, кадырлап, өз расмисин жасоо шарт. Мындай каада-салтты колдонуу менен ата-бабалар жаштарга маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн.