Мындан улам кыргыздар кайсы жакшылыгын шаңдуу белгилеген жана белгилеп келет, тагыраагы, сөзсүз бериле турган тойлорду Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү.
Тойлордун маани-маңызы тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Амантур Жапаров айтып берди.
Жентек жана бешик той
Тушоо кесүү
Тушоо кесүү — баланы батыраак бассын, жашоосунда мүдүрүлбөсүн деген тилек менен ата-энеси тарабынан жасалган ырым. Мурда ата-эне айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөргөн. Анда там-туң баскан баланынын тушоосун тестиер балдардын жарышынан озун чыкканы кесип, той ээсинен белек алчу. Азыркы тушоо тойлордо балдар гана эмес, тойго келген коноктор бир нече топко бөлүнүп (эркектер, аялдар) жарышка түшөт. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.
Сүннөт той
Кыз узаттуу
Мурда кыргыздар кыз узатуу салтанатын катуу майрамдашкан. Колунда барлар, бай-манаптар кудасын бир нече күн коноктоп, чоң той берилген. Кийин совет доорунда жана андан кийинки кыздар турмушка "тынчыраак" узап калышкан. Бирок кыз узатуу жөрөлгөсү акыркы жылдары кайрадан күч алып, кыз берген тарап дагы конок күтүп, үлпөт той бергендей эле чыгымга учурап жатат.
Келин алуу, нике той
Куда тосуу
Кудага эшик-төрдү көрсөтүү, мамилелерди чындоо максатында берилген бул той мурда деле бир нече күнгө созулган учурлар болчу. Бирок азыркыдан айырмаланып, кудалар барган үйүндө эле баштан-аяк мейман болушчу. Азыр куданы "түштөнтүү" деген жаңы жөрөлгө бар. Анда келген конокту үй ээсинин туугандары, достору, классташтары, кошуналары өз үйүнө чакырып тамак берип жүрүшөт.