Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысы казак премьерине жооп берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель Государственной таможенной службы при Правительстве КР Азамат Сулайманов
Председатель Государственной таможенной службы при Правительстве КР Азамат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын төрагасы казак тарап окшош көйгөйгө ээ болуп туруп Кыргызстанды айыптаганы орунсуз экенин билдирди

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Кыргызстандын бажылык башкаруусу алсыз деп айткан кеби жүйөсүз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешкен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов билдирди.

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев чек арада тургандарды тамактандыруу үчүн миллион сом бөлдү
Шаршемби күнү, 25-октябрда Ереванда өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын өкмөтүн бажы башкаруусу алсыз болуп жатат деп айыптаган. Анын айтымында, өткөн жылы Кытайдын берген маалыматы боюнча, Кыргызстан Кытайдан 2,6 миллиард доллар товар импорттогон. Бирок кыргыз тарап импорт 900 миллион долларды түзөт деп башка цифраны көрсөткөн. Казак премьери ушул себептен ЕАЭБ бюджети миллиарддаган долларларды жоготуп жатканын белгилеген.

Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасы мындай маалыматтар UN Comtrade эл аралык соода базасынын сайтында көрсөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, маалыматтардагы айырмага эки себеп бар.

Биринчиден, Кытайдын соода жүгүртүү боюнча эсептөө ыкмасы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн айырмаланып турат. Алар маалыматты жалпылап берип, таптак статистика чыгарышпайт.

"Эгер Кытайдын маалыматтарын ала турган болсок, Казакстандын деле импорт көлөмү өздөрү чыгарган статистикадан ашып түшөт. Соода жүгүртүүдөгү айырма дагы аз эмес, 2016-жылы 4,6 миллиард долларга жакын каражатты түзгөн", — деди Сулайманов.

Анын айтымында, кыргызстандык адистер бул маселенин үстүндө иштеп Кытайга бир нече ирет кайрылган.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Акенеев: чек ара көйгөйүнөн Казакстан дагы жапа чегүүдө
Экинчиден, Кытайда транзиттик товарларды каттоодо көйгөй бар. Сулаймановдун айтымында, UN Comtrade соода базасынын маалыматына караганда, Кытай Өзбекстанга 2 миллиард долларлык товар экспорттогон, ал эми Кыргызстанга болгон экспорт салыштырмалуу 600 миллион долларга көп чыккан. Бажы кызматынын башчысы мындай цифра Өзбекстандын элинин саны менен экономикасынын көлөмүн эске алганда чындыкка коошпой турганын белгиледи.

Ошондой эле Сулайманов Кытай бажысы товарды акыркы эмес биринчи транзиттик өлкөгө эсептеп коерун белгилеген. Анын айтымында, Казакстанда деле ушундай көйгөйлөр бар. Себеби Кытай товарлары Казакстан аркылуу Өзбекстан менен Түркмөнстанга кирет. Натыйжада башка бирөөнүн импорту казак тарапка эсептелип калат.

"Сандардын айырмасынын себептери ушунда. Анан окшош көйгөйгө ээ болуп туруп, башка бирөөнү айыптоо туура эмес болсо керек. Өзүңөр деле түшүнүп жатасыңар да, бул жерде саясий себептер бар", — деди Бажы төрагасы.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган. Астананын маалыматына караганда, бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автокөлүк менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан. Андан кийин деле абал олуттуу түрдө өзгөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0