00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рахманкул хандын алтын жана пилдин сөөгүнөн жасалган мөөрү. Үй-музейге саякат

© Фото / Азат АкаевРахманкул хандын Бишкек шаарында жайгашкан үй-музейи
Рахманкул хандын Бишкек шаарында жайгашкан үй-музейи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыздын акыркы ханы" атыккан Рахманкул хандын Бишкек шаарында жайгашкан үй-музейи тарых ынтызарлары үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк.

Рахманкул хан Совет бийлигинен Памирге качкан кыргыздардын башын бириктирип, аларды колунан келишинче калкалап келген. Анын эң башкы тилектеринин бири — Памирдеги кыргыздардын качандыр бир кезде өз өлкөсүнө кайтып келүүсү эле. Хандын тилеги аз да болсо орундалып, Афганистандагы кыргыздардын бир бөлүгү Кыргызстанга келди. Тилекке каршы, Рахманкул хан көзү тирүү кезинде өз мекенин көрө албады. Бирок балдарынын жана жакындарынын жардамы менен ага таандык буюмдар Бишкек шаарында каалоочуларга көрсөтүлүүдө.

© Фото / Азат АкаевЭки бөлмөлүү имараттан турган үй-музей Бишкек шаарында 2017-жылы 18-мартта ачылган
Эки бөлмөлүү имараттан турган үй-музей Бишкек шаарында 2017-жылы 18-мартта ачылган - Sputnik Кыргызстан
1/5
Эки бөлмөлүү имараттан турган үй-музей Бишкек шаарында 2017-жылы 18-мартта ачылган

2/5

3/5

4/5

5/5

Эки бөлмөлүү имараттан турган үй-музей Бишкек шаарында 2017-жылы 18-мартта ачылган. Аны хандын кенже уулу Мусаддык Кутлу менен келинчеги Роза Кутлу негиздеген. Бул жерден ханга таандык тиричилик буюм-тайымдарын, документ-китепчелерин, баалуу нерселерин, сүрөттөрүн жана Памирдеги боз үйүнүн көчүрмөсүн көрүүгө болот.

Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи
Имаратка кире бериштеги биринчи бөлмөнүн төрт дубалында памирлик кыргыздардын жалпы тарыхын, күнүмдүк турмушун, каада-салтын көрсөткөн колго тартылган сүрөттөр илинип турат. Сүрөттөрдү убагында Афганистандагы кыргыздардын жашоосу тарых беттеринде калсын деген ой менен хан өз уулдарына тарттырган. Ал эми бөлмөнүн төрт бурчунда ханга таандык буюмдар турат. Алар — Рахманкул хан мусулманчылыкты катуу карманган инсан болгондугун тастыктаган теспелер, дүйнөнүн ар тарабындагы жакын санаалаштары жөнөткөн китептер, баалуу сыйлыктары, паспорт жана документтери. Ошондой эле күнүмдүк турмушунда колдонгон идиш-аяктар, бычактар, күл түшүргүч, ширеңке жана тамеки кутусу бар. Бөлмөдөгү баалуу буюмдардын катарын хан колдонгон үч жеке мөөр толуктайт. Алардын биринчиси — Францияда алтындан жана пилдин сөөгүнөн жасалса, экинчиси — Кокон хандыгы убагында, ал эми акыркысы — Афганистанда даярдалган. Бөлмөнүн так ортосунда пилдин сөөгүнөн жана күмүштөн жасалган ээр турат. Бул ээрди Рахманкул хан Памирде жүргөн кезинде өзү токунган. Памир кыргыздарына караштуу ар кандай кол өнөрчүлүк буюмдары да дал ушул бөлмөдө орун алган.

© Фото / Азат АкаевРахманкул хан Совет бийлигинен Памирге качкан кыргыздардын башын бириктирип, аларды колунан келишинче калкалап келген
Памирский кыргыз Мусаддык Кутлу - Sputnik Кыргызстан
Рахманкул хан Совет бийлигинен Памирге качкан кыргыздардын башын бириктирип, аларды колунан келишинче калкалап келген

Экинчи бөлмө Рахманкул хандын Памирдеги үйүнүн дал өзүндөй көчүрмөсү. Боз үйгө окшоштурулуп жасалган бөлмөнүн дубалдарына кереге тартылып, так ортосунда түндүк бар. Дубалына хандын өзүнүн жана дүйнөлүк көрүнүктүү инсандар менен чогуу түшкөн сүрөттөрү илинген. Ошондой эле Рахманкул хандын намаз окуган жайнамаздары, куран китептери да турат. Бөлмөнү памирлик кыргыздар жасаган килем жана таарлар кооздоп турат. Рахманкул хандын кыш мезгилинде кийген ак чапаны да ушул бөлмөдө. Төрдөгү эки эски сандыкта хандын үй-бүлөсүнө таандык болгон көрпө-төшөк, жаздыктар жыйылган. Аны менен бирге эле хандын күнүмдүк кийим-кечесин, куржунун жана боз үйгө таандык буюмдарды да көрүүгө болот.

Музейдин эшиги каалоочулардын баарына ачык болуп, эч кандай акы алынбайт. Болгону музейге бараар алдында +996 707 112 238 номери аркылуу байланышып, убакыт-саатын белгилеп алуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0