Асылбек Өзүбеков 60ка толду. Багбан, обончу жана баяндамачы тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековдун архивдик сүрөтү
КРдин эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековдун туулган күнү. Актер, мыкты обончу жана аткаруучу 60 жашка толду.

Кайгылуу ырлардын рыцары делген чыгармачыл инсан жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Өз үйүн күрөөгө коюп кино тарткан Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тууралуу 6 факты
Көл жээгинде өткөн талант. Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы айылда жана борбор калаада өтүп, 1975-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Ташкенттеги театр жана сүрөт көркөм институтунда билим алам.

Ташкенттен келген жаш жигит. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан баштап, ал жакта он жылдай актер болуп иштеген. Андан соң 18 жыл "Тунгуч" театрында эмгектенген. Чыгармачыл инсан өзүн кино жаатында да сынап "Боз салкын", "Апамдын махабаты", "Күлкүлятор" тасмаларында роль жараткан.

© Фото / из личного архива Асылбека ОзубековаКР эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков санаалаштары менен
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
КР эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков санаалаштары менен

Кайгылуу ырлардын рыцары. Жаш кезинен ырга жакын болуп, музыкалык аспапта ойногон Асылбек Өзүбеков 1984-жылы алгачкы "Өмүр" деген ырын радиого жаздырып бат эле эл оозуна алынып кеткен. Кийин "Фаридам", "Гүлдөй жан", "Отуз жаш" өңдүү 40ка жакын чыгарма жараткан. Жалпы жонунан ал 70тей ырды эл алдында өтөсүнө чыгарып аткарып жүрөт. Чыгармаларынын көпчүлүгү сүйүү, арзуу темасында, ошондуктан аны "кайгылуу ырлардын рыцары" деп атап калышат.

Белгилүү музыкант, КР эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кезинде пол жууп, азыр президенттер чакырткан Азыкбаев. Музыкант тууралуу 6 факты
Алып баруучу, баяндамачы… Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти "Азаттык" радиосунда "Таң шоокуму" уктуруусун беш жылдай алып барган. Ошондой эле коомдук телерадиоберүү корпорациясында "Күлкүлятор" автордук көрсөтүүсүн ачып, көгүлтүр экранга алып чыккан. Андан сырткары, көп жылдан бери кыргыздын улуттук оюну "Көк бөрүдө" баяндамачы болуп келет.

Түбөлүктүү махабат. Белгилүү обончу өзүнүн болочоктогу жубайын 9-класста окуп жүргөндө кезиктирген. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн түгөйлөр мектепти бүткөндөн кийин эле баш кошкон. Алар 40 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булатып эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүштү. Артист бийбичеси менен алты небересинин кучагында бактылуу ирмемдерди өткөрүүдө.

© Фото / из личного архива Асылбека ОзубековаӨзүбековдун багбанчылык менен алектенгенине 7-8 жылдын жүзү болду|
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Өзүбековдун багбанчылык менен алектенгенине 7-8 жылдын жүзү болду|

Асылбек багбан. Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты азыр Бишкектеги эки театрда иштейт. Чыгармачылыктан сырткары, Ысык-Көлдө 10 гектар жерге алма, алмурут, өрүк, шабдалы тигип койгон. Багбанчылык менен алпурушканына 7-8 жылдын жүзү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0