Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак... Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу 5 факты

© Александр ФедоровБүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева теат сахнасында. Архив
Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева теат сахнасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги сахна жана кино чеберин эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Сахнага 13 жашында чыккан. Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолун Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, сахнага 13 жашында чыгып Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарган. Кино жаатында биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында башкы ролду жараткан.

© Фото / Александр ФедоровБакен Кыдыкеева кино жаатында 30га жакын тасмада роль жараткан
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
Бакен Кыдыкеева кино жаатында 30га жакын тасмада роль жараткан

Актриса болуусуна атасы каршы чыккан. Ал жети класстык мектепти бүткөндөн кийин ата-энесине айтпай театрга кирип алат. Бирок атасы ага каршы чыгып, Кыдыкеева ал жактан чыгуу үчүн арыз жазып жумушка барса жаңы роль сунушташат. Тагдырдын жазмышы ушул экен деп болочоктогу атактуу актриса эч кимге билгизбей сахнага чыгып, ролду майын чыгара аткарат. Андан соң атасы кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берет. Ошондой баштап ал кызынын туруктуу күйөрманы болуп, өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алган экен.

К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
Келбеттүү, сөөлөттүү, сүрдүү. Залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттөрү
Чыгармачылык жана өмүр. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда иштеп, Кыргыз драма театрында көп жыл бою эмгектенген. Өзүнүн чыгармачылык жолунда театр менен кинодо жүздөгөн образдарды жараткан. Мисалга, "Саманчынын жолундагы" Толгонайдын, "Биринчи мугалимдеги" Кара катындын, "Караш-караш окуясындагы" Хадичанын образы азыр дагы калың журттун эсинде.

Чебер устат. СССРдин эл артисти ата мекендик искусствонун өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон. Ал кезегинде жаш таланттарга жол көрсөтүп, жардамын аяган эмес. Алсак, Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарды тарбиялап өстүргөн.

© Фото / Александр ФедоровТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кыргыз драма театрында көп жыл бою эмгектенген
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кыргыз драма театрында көп жыл бою эмгектенген

Театрдан куулган инсан. Өзүнүн чыгармачылык жолунда сахна жылдызы ар кандай бут тосууларга дуушар болуп, эки жолу театрдан чыгып калган. Кыдыкеева орто жолдо калып, эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Бирок ага карабай өмүрүнүн акыркы күндөрүн дагы театрда өткөргөн. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0