Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование нового года в Бишкеке
Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук транспорттун ичинде бара жаткан адамдардын айрым кылыктары колумнист Эламан Карымшаковдун кокосуна тикенек болуп сайылыптыр. Мындан улам ал жанын кашайткан учурларды тизмектеп чыкты.

Борбор калаада жалпы жонунан 4000 маршрутка бар экен. Анын ичинен күн сайын 2700 бус каттамга чыгып турат. Ошол маршруткаларга 10 сом берип шаардын этегине чейин жетсең болот. Ал арада миңдеген кызыктуу окуяларга туш болосуң. Бирок жаныңды кашайткан учурлар андан көп.

Таң кутмандуу болбой калганда…

Адатта эртең менен "кутман таң" дешет эмеспи. Эгер жеке унааңыз болбосо бул сөз сизге тиешелүү эмес. Анткени күндүн жакшы башталышы маршруткадан көз каранды.

Таң атпай көзүңдү ушалап жумушка шашып жөнөйсүң. Жолго жетейин дегенде маршрутка өтүп кетет же 15-20 мүнөт күттүрүп кууратат. Бир кыйладан кийин булуттан чыккан айга окшоп келе жаткан аппак маршрутканы көрөсүң. Сүйүнүп барып эшигин ача салсаң ичи толо эл.

Служба такси в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер
Ал эми айдоочу "ай, артка жылып койсоңор, ортосу бош эле турбайбы" деп корсулдайт. Эптеп кыпчылып "өх-хх баттым" десең артыңдан дагы үч адам келаткан болот. Айла жок, аларды да батырууга туура келет. Ошентип унаага жык толгон жүргүнчүлөр айдоочуну басып калчудай абалда батканына сүйүнүп эңкейип, кыйшайып кете берет. Эгер катуу тормоз берилсе айдоочуну кучактай жыгылсак керек…

Ошентип уламдан улам сүрүлүп жатып тээ артка өтүп кетесиң. Бир маалда эле терезени карасаң жумушуңа жеткен болосуң. Эми кайра сыртка чыгып көр! Мина коюлган талаадан сойлоп өткөндөй эле. Күнүгө ошентип жумушка келмей. Кечинде чыкканда деле ушул көрүнүш. Чарчап "азыр арт тарабында орун болсо отура калайын" деп кыялданып барсаң ичиндегилер дагы деле бири-бирине кабатталып, бир буттап турушкан болот. Айылда жүргөндө картошканы капка көбүрөөк батсын деп биринин үстүнө бирин кынап тизип базарга алып барчубуз. Маршруткада бара жатып кээде өзүмдү ошол капка салынган картошкадай сезип кетем.

Орун бошот деп наалыгандар

Ошентип бир буттап бара жатсаң колуна оор сумка көтөрүп улгайган адамдар кирет. Аларга жол бошотуп, арттагыларга кыйкырып атып орун алып бересиң. Кээде айрым ата-апалар маршруткага кирбей жатып "ай жаштар, орун бошотуп бербейсиңерби!" деп кыйкырышат. Анан берген орундукка да унчукпай эле рахматын айтып отуруп калбай "азыркы жаштар тигиндей-мындай" деп бир короо сөз айтышат.

Чынында жаштар деле эртең менен эрте туруп жумушуна же окуусуна барып чарчашат. Алар деле адам, чарчап-чаалыгып уктаса уктап калгандыр. Дароо эле наалып кирбей арт жакка өтсө орун бошотуп беришет да.

IP-телефония

Эл аралап ырдап, комуз саткан Орозбек ата: кээде бир күндө 10 миң сом табам - Sputnik Кыргызстан
Эл аралап ырдап, комуз саткан Орозбек уста: кээде бир күндө 10 миң сом табам
Маршруткага киргенде сөзсүз түрдө бир адам телефон менен сүйлөшүп жаткан болот. Зарыл иши болсо айта салып кайра коюп койсо түшүнөм. Антишпейт да, "кечээ түнү менен кафеде отурдук. Апеей, Айжамал ичип алса кыпкызыл экен. Жигитин кызганып Айгүл менен чачташып кетсе болобу. Аны эртеси Каныбекке айтсам каткырып өлүп калды" деген сыяктуу жеген-ичкенин, достору менен тентип жүргөнүнө чейин эзилип сүйлөшкөндөр жаныңды кашайтат. Аны карап отуруп коомдук транспортто баратканын унуттубу деп аң-таң болосуң. Кээде эки-үч дос бала же кыздар түшөт да өздөрүнчө кыраан каткырык салып, жаагы-жаагына тийбей "пыты-пыты-пыты" деп сүйлөшүп башыңды оорутат. Андайда жаактан ары эле бир чапкың келет.

Маршрутка романтикалуу жай эмес

Кээде айрым жаштардын сүйүүсү маршруткага киргенде күч алат. Бактыңарга көз тийбесин, бирок жарым саат, бир саат өзүңөрдү кармап койгулачы. Паркта жүрсөңөр мейли демекмин, маршруткадагы балдарга терс адат көрсөтүп жатпайсыңарбы. Эгер мындайды да өз көзүм менен көрбөсөм жазбайт элем…

Бир-эки ай мурун дем алыш күнү эртең менен "Дордой" базарын көздөй жөнөдүм. Мени менен кошо маршруткага кыз-жигит кирди. Жакшы эле бара жатышкан, анан эле бир орун бошоп калды. Тиги кызын отургузду да өзү анын алдына отуруп алса болобу. Тим эле өздөрүнүн үйүндө диванда отургансып эркелешип алышкан. Элди көзгө илбейт. Мен телефонумду колго алып, келген каттарга жооп жазып жатсам жанагы түгөйлөр мага карап "эмне тартып жатасың" деп кыйкырып калды. Ай, силерди тартып эмне кылайын десем болбойт. Телефонумду көрсөтүп араң кутулдум. Көрсө, алардын намысы ошондо ойгонгон имиш.

Анан дагы эркектер маршрутканын ичинде буту-колду жыйып отурганды үйрөнсөк жакшы болот эле. Кээ бирлери жайыттагы койлорго көз салып жаткансып керилип, талтайып отуруп алышат.

Айдоочулар тууралуу да бир ооз кеп

Автоспорт. Формула -1. Гран-при России. Гонка - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнгөндө... Өмүргө тете бир күндүн баяны
Айдоочулар деле кечке чарчайт. Бирок ошончо адамдын тагдырын колуна алгандан кийин кичине жоопкерчиликтүү болуш керек да. Терезени карамак тургай башыңды бура албаган абалда бара жатканыңды билгенден кийин кайсы аялдамага жеткениңди алдын ала айтып турса болот да, туурабы? "Байке, Ахунбаев көчөсүнөн токтотуп коёсузбу" десең "мына, келдик түш!" дейт. Сен ары-бери түртүлүп өткөнгө чейин "алдыга чыгып даярданып турбайсыңбы" деп урушуп кирет. Тигиндей шартта алдыга чыкмак тургай араң дем алып жатканың менен иши жок. Анан да карама-каршы тилкени 180 менен кесип өтүп, жаныңда бара жаткан унаанын айдоочусун сөккөндө аркы дүйнөнү "бир көрүп" келесиң. Баары дебейин, бирок көпчүлүк маршруткалардын отургучтары аман эле болсун! Кээ бирлери көбүрөөк адам батсын деп 8 эле отургуч калтырып коёт (негизи 12-15 орун болуш керек). Анан да жогору жактагы кармагычтарды бир жагына эле коюп койгон. Колуң жетсе жетет, жетпесе отургучтун жөлөнгүчүн кармап кетесиң. Эгер айдоочу дагы бир "трюк" көрсөтчү болсо жаныңдагы кызды кучактап жыгаласың го, чиркин.

Мына ушинтип кызыктуу күндөрүбүз өтүп жатат. Эмнеге бир тараптуу жазып койдуң дешиңиздер да мүмкүн. Мени жемелегенден көрө ушундан жакшы тыянак чыгаралы. Кемеге түшкөндөрдүн жаны бир болгондуктан жогоруда айтылгандарды эске алып көңүл калтырышпай жашайлы. Баса, 10 сомуңузга милдет кылбай түшүп баратып айдоочуга рахмат айтып коюңуз. Ал да бирөөнүн баласы, бирөөнүн атасы, сүйүнүп калсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0