Facebook тармагында фейктер менен айтышып, интернеттен илимпоздукту жактап отурган ойчулдарга суроо. Адамдын жүрөгү менен жаныбардын жүрөгүнүн айырмасы эмнеде? Ушул суроого жооп издеп көрүңүзчү…
Саат 08:25тер чамасында маршрутка Чүй проспектиси менен келип Ибраимов көчөсүнө бурула бергенде андан бир жигит чуркап чыкты да жер кучактап отуруп калды. Тизеси асфальтка катуу тийгендиктен кан кетип, ак чолок шым кан аралаша чаңга боелду. Канаты сынган таранчыдай тыпырап, андан ары жөрмөлөп барып окшуп эле отуруп калды. Жерге катуу кулагандыктан оң бутундагы бут кийими чечилип кетти да колдогу телефон ыргып барып үйүлүп турган жалбырактын үстүнө түштү. Маршрутка болсо бейкапар сапарын улады.
…Өзүмө келсем окшуп отурган экенмин. Ашказаным аңтарылып, оозума кептелип эле калыптыр. Көздөн жаш буурчактап, денемди муздак тер каптаган. Алыстан келе жаткан поезддей болуп муунум акыры-ын калчылдап жатат. Башым сынып кетчүдөй болуп, мына-мына жарылам деп турат. Ашказан, боор, бөйрөктөрүм болк этип оозумдан чыга калчудай… Аалам демин ичке тартып, асканын жаңырыгындай болуп жүрөгүмдүн гана согушу угулат. Дүк, дүк, дүк…
"Жок дегенде тапичкемди ташта!" деп кыйкырсам үнүм чыкпады. Катуу окшуганда тилим чайналып калыптыр. Шыбырап, анан жер муштап гана кала бердим. Көрбөй калдыбы, же көрмөксөн болдубу, ар жактагы күзөтчү үн катпады. Аңгыча таксилер чогулуп, эл кыйла көбөйүп калыптыр. Бир чай кайнам убакыт отурдум. Анан акырын өзүмө келип, таксилер жакка жөнөдүм. Көп жолу ашказаным ооруп ооруканага баргандыктан алардын дары гана жазып берип коерун жакшы билем. Андыктан таксини үйгө айдаттым. Бирок жолдон дарыканага тийип кетүүнү өтүндүм. "Чыгыш-5" кичи районундагы аялдаманын жанындагы дарыканага бир аз өтүп токтоду. Мени суранат дедиби, айтор, айдоочу дароо ары карап туруп алды. Аксап дарыканага жөнөдүм. Көпчүлүк жакшы билет, дарыканын жанында Тез татым бар. Ошол жерге жеткенде майдын жытынан көңүлүм айный баштады. Дарыканага кире бергенде дарынын жыты мурунга урду го. Чуркап чыгып эле окшуп калдым. Баягы эле баян. Арыкка эки тизелеп отуруп алып, өгүздөн бетер өкүрүп жатам. Кумурскадай болгон элдин бири да карап койбойт. Ал турсун дары саткан эже көрүп туруп, көрмөксөн болду. Көпкө отуруп калдым окшойт, алыстан таксист байкенин карааны көрүндү. Атамды көргөндөй сүйүнүп, азыр ушул келип колтугуман сүйөсө эле ашказан тып басылчудай. Жок. Андай болбоду. Менин тизелеп отуруп калганымды көрүп, "качып кетпептир" дегендей кылды да кайрылып кетип калды. Эптеп туруп дарыканага кирдим да дарыны алдым. Ашказанга газдалган суу жакшы эле. Сурасам, 90 сомдугу гана калды, арзаны жок дейт. Аны алсам таксиге акчам жетпей калчудай. Өлгөндүн үстүнө көмгөн экен деп артка бурула берсем кадимки эле 25 сомдук суу турат. Бул эмне десем, "ий, бар турбайбы" деп коет. Болбосо бир катар турат. Күттүргөнүм үчүн таксиден кечирим сурап, жолубузду уладык. Үйгө жетип таксиге акча берсем майдасы жок экенин айтып, 50 сом ашыгы менен алып койду. Бир чети күттүм дегениби же дүкөн аралап акча майдалатууга чамам жок экенин көрдүбү, айтор кудуңдап гана алган бойдон кетти.
P.S Учурда абал жакшы. Акырындык менен ашказанды дарылап жатам. Ашказанды го дарыласа болот. Жүрөктү кантебиз?..